00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Из экзотики в классику: как орхидеи прижились в городских квартирах
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алматыдагы авиакырсык: аял баласын кармаган бойдон жатыптыр. Полициянын видеосу

Жазылуу
Кулаган учактан ымыркайды куткарган полиция кызматкери окуянын кандай болгонун, энеси кандай абалда жатканын айтып берди.

Алматынын Жол кайгуул кызматынын ага лейтенанты Жаксылык Султановдун баланы көтөрүп бара жаткан сүрөтү социалдык тармакка тарап кетип, интернет колдонуучулар аны каарман, баатыр деп ыраазылыгын жазышкан.

..."Буран 292" экипажы аба лайнери кулаган райондо түнү менен нөөмөттө жүрүп, 27-декабрда саат 8:00дө өткөрүп бермек эле. Райондун борборун көздөй бара жатып учактын кулаганы боюнча кабар уккан. Көрсө, полиция кызматкерлери кырсык болгон жерден эң көп дегенде 2 чакырым аралыкта жүрүшкөн.

"Билдирүү түшүп, окуя болгон жерге бара жатканда толук маалыматыбыз жок эле. Баргандан кийин шок болдук. Куткаруучулар, полиция жана Тез жардам ызы-чуу болуп иштеп жатыптыр", — деди Жаксылык Султанов.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Анын айтымына караганда, кулаган лайнердин айланасында кийимдер, буюмдар чачылып жатканын көрүүгө болот эле. Дарыгерлер менен куткаруучулар салондон жүргүнчүлөрдү чыгарып жаткан. Кымгуут учурда жетекчилердин бири, дагы эки кызматкерге кырсык болгон имараттын тегерегин текшерип чыгууну айткан.

Сабырбек Джумабеков провел операцию пострадавшему в авиакатастрофе в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады. Сүрөт
"Чачылып жаткан жүктөрдүн арасында жаткан аялды көрдүм. Жакындап барып абалын сурасам, жооп бере алган жок. Ич жагында ак күрмө жатыптыр. Аны үстүнөн алайын деп көтөрө салсам бала экен, ыйлап жиберди. Энеси турганга аракет кылды. Абайлап карасам, буту сынып кетиптир. Кыймылдабай жата туруңуз дедим. Ымыркайынан кам санабашын, бөбөктү Тез жардамдын дарыгерлеринин колуна береримди айттым. Сүйлөгөнгө жараган жок, болгону жооп катары көзүн ирмеди", — деп айтып берди Жаксылык.

Полиция кызматкери мындай көрүнүшкө даяр эместиги жана алгач коркуп кеткендигин жашырган жок.

"Ооба, коркуп кеттим. Анан үйдө калган бир жашар кызым дароо эсиме түшүп кетти. Баатыр дейсизби? Жок. Баатыр, каарман деп акырына чейин баласын коргогон энени айтыш керек. Ошонусу менен ымыркайынын өмүрүн сактап калды", — деди Султанов.

Анын баланы көтөрүп бара жаткан сүрөтү социалдык тармакка тарап кетип, интернет колдонуучулар аны "каарман", "баатыр" деп ыраазылыгын жаза башташкан.

Полиция кызматкери мындай пикирлерге салкын кандуулук менен бул жумушу экенин айтып, жооп узатты.

Алматыдагы авиакырсыктын чоо-жайы

Крушение пассажирского самолета в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан атасы каза болуп, 4 баласы жаракат алды. Алматыдагы кейиштүү окуя
27-декабрь күнү Алматы шаарынан Нур-Султанды көздөй багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн кийин эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Анын кесепетинен 12 киши каза тапты, арасында экипаждын командири да бар.

Буга чейин КР президенти Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган каргашага байланыштуу Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айткан телеграмма жолдогону маалым.

Ал эми бүгүн, 28-декабрда, Казакстанда аза күтүү күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0