Узап бара жаткан жылы үч ирет Күндүн тутулуусу болду. 6-январда бир бөлүгү, 2-июлда толук түрдө, бүгүн, 26-декабрда, шакек сыяктуу тутулган.
Соңку тутулуунун максималдык фазасы 3 мүнөт 40 секундга созулат. Мындай кубулуш Сингапур, Сауд Аравия, Түштүк Индияда жана Индонезиянын бир бөлүгүндө жакшы көрүнөт. Ал эми Азияда (түштүгүнөн сырткары) Күндүн тутулушунун бөлүгүн гана көрүүгө болот.