53 жаштагы ишкер азыркы учурда ондон ашык адамга жумуш берген, мамлекеттик жана эл аралык мекемелерди сүт азыгы менен камсыздаган цехти жетектейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги Нуркан Жанакова менен ишкерликтин ийгиликтери, бизнеске аралашкан айымдардын коомдогу орду жана келечектеги пландары тууралуу баарлашты.
— Нуркан айым, кесибиңиз боюнча мугалим экенсиз. Бизнеске кантип аралашып калдыңыз?
— Бизде көбүнчө жеке ишкерлер соода-сатык менен алектенишет. Сүт өндүрүү тармагын тандаганыңызга эмне себеп болду?
— Жолдошум экөөбүз тең чарбачыл үй-бүлөдө чоңойгонбуз. Менин атам 37 жыл сүт тармагында жетекчилик кылса, кайнатам да 40 жылга жакын ушул эле жаатта иштеген. Күйөөм да сүт азыктарын чыгарган ишканада технолог катары кызмат кылган эле. Андыктан бул иш менен тааныштыгыбыз бар болчу.
— Алгачкы аракеттер тууралуу айтып берсеңиз. Башында кыйынчылыктарга туш келсеңиздер керек?
— Биринчи баштаганда балмуздак эле чыгарчубуз. 20-30 миң сом менен баштаганбыз. Ал кезде күнүнө 150-200 литр гана сүт керектечүбүз. Ар бир эле ишти жаңы баштап жатканда кыйынчылыктар болот. Биздин да башыбыздан оор күндөр өттү. Бирок акырындык менен бул иштин майда-чүйдөсүн, өзгөчөлүктөрүн үйрөнө баштадык. Мисалы, сүткө өтө кылдат мамиле кылуу зарыл экендигин билдик. Жада калса бир мүнөткө кечиксең бузулуп кетет. Баарын өз убагында аткарыш шарт. Тилекке каршы, болгон аракетибизди кылып, жумушту өз нугуна түшүрүп алган кезибизде, 2015-жылы, жолдошум каза болуп калды.
— Экөөңүздөр баштаган ишти жалгыз алып кетүү оор эле болсо керек...
— Кандай өзгөртүүлөрдү киргиздиңиз?
— Жолдошум каза болгонго чейин ишканабыз шаарда эле. Ижара акысын берип иштетчүбүз. Өзүбүз шаар четинде айылда турабыз. Ал эми сүт өндүрүү үчүн баштан-аяк жанында болушуң керек. Анан туугандар менен кеңешип, ишкананы айылдагы үйгө көчүрүп келдик. Жерибиздин жарымын ага бөлдүк. Бирок шаардан алыс ишкана иштеткендин да өзүнүн кыйынчылыктары бар экен. Мисалы, кээде жарык өчүп калат. Андай учурда түнү иштейбиз. Суу да бат-баттан токтоп калат. Эки күндө бир алыстан унаа менен таза суу ташууга туура келет.
— Бул тармакта 20 жылга жакын тажрыйбасы бар адам катары айта кетсеңиз, бизде ишкер айымдарга карата мамиле кандай?
— Эми аял кишинин колунан мындай нерселер келбейт деп ойлогондор бар. Бул туура эмес. Эркектер кыла албаган нерсени кылган айымдар көп. Эң негизгиси билимиң, эркиң, анан аракет болсо бардык нерсе колдон келет. Көпчүлүк аялдар үйдө олтуруп калгандыгы үчүн бир нерсени аткарууга белсене беришпейт. Болбой калсачы деп коркушат. Жок, бир идеяң болсо ошону аткарууга болгон күчүңдү жумшап аракет кылыш керек. Ар бир аял билимин өркүндөтүп, өзүнө болгон ишенимин жогорулатуусу зарыл деп эсептейм. Мен бул ишти аткара алам, башкалардан кем эмесмин деп жакшы жашоого умтулуу абзел. Негизи эле эненин балдарга, коомчулукка таасири чоң. Акыркы кездери айымдардын коомдо өз ордун билип, өнүгүүгө аракет кылып жатканы байкалат. Бизнес-семинар, тренингдерге көп катышам. Ал жерге эркектерге караганда аялдар көп келет. Ар дайым жаңы нерселерге кызыгып, сурап турушат. Бул жакшы нерседен кабар берет.
— Азыр ишканаңызда канча жумушчу бар?
— Азыркы учурда ондон ашык киши иштейт. Башында төрт киши болуп баштаганбыз. Ишкерлер көбүнчө кошуналарым, жалгыз бой аялдар. Буюрса, жакынкы аралыкта жумушчулардын саны көбөйөт деп турам. Анткени алдыга койгон жакшы пландарыбыз бар. Азыр ишкананын жалпы аянты 300 чарчы метр. Эми бош турган жерибизди да кошуп, сүттүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, азыктардын дагы көбүрөөк түрлөрүн чыгарсак деп турабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, дагы көп адамдарды жумушка алабыз.
— Азыктарды таркатуу жагы кандай болуп жатат?