Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПортфельчен аткаминерлер. Архив
Портфельчен аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи болуп иштегендердин арасында коомдук ишмерлер, мурдагы министрлер жана журналисттер дагы бар. Кыргызстанда элчилик кызматтарга мурда-кийин бул жаатта тажрыйбасы жоктор дайындалган учурлар жок эмес.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына жактырды.

Эми президенттин кол коюусу гана калды, бул кызматка мамлекет башчысы гана өз жарлыгы менен дайындайт. Буга чейин дайындалгандарды карай турган болсок, президент эч каршылык көрсөтпөй туруп эле колдоп берген.

Бекназаров учурунда тергөөчү, адвокат, сот, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозиционер, башкы прокурор жана вице-премьер болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп деле элчи болуп кеткендерди эстеп көрдү.

Тизмени түзүүдө 2010-жылдын 7-апрелинен кийин дайындалгандарга басым жасалды.

Ибрагим Жунусов

© Фото / пресс-служба МИД КРИбрагим Жунусов
Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Ибрагим Жунусов

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга чейин ырчы, окутуучу, депутат, Мамлекеттик маданият агенттигин жетектеген. 2010-жылдын аягында вице-премьер болуп, андан соң маданият жана туризм министри болгон. 2014-жылдан 2018-жылга чейин Түркияда элчи болсо, 2019-жылдан тарта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын аркалап жатат.

Эмилбек Узакбаев

Көп жылдар бою айыл чарба жаатында эмгектенген, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Нарын облусунун губернатору, айыл чарба министри болгон. 2008-жылы КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу боюнча президенттин өкүлү болуп дайындалган. Андан сыртары, КМШнын Экономикалык кеңешинде Кыргызстандын өкүлү болгон. 2012-жылы Өзбекстандагы элчи болуп иштеп, төрт жылдан кийин кызматынан бошогон.

Дүйшөнкул Чотонов

© Sputnik / Расул УсеналиевДүйшөнкул Чотонов
Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнкул Чотонов

Кыргызстандын студенттер союзун жетектеген, Азиянын жаштар жана студенттер уюмунун президенти болгон. Жаштар иши боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Убактылуу өкмөттө ӨКМди жетектеген. 2011-2015-жылдары Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалган. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен бирге "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып соттолгон. Быйыл жайында кылмыш иши кайра каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Кылычбек Султан (Султанов)

© Фото / пресс-служба ЖККылычбек Султан
Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кылычбек Султан

Көп жылдар бою ЖМКлардын биринде иштеп, гезиттердин биринин редактору болгон. Ошондой эле мамлекеттик телеканалдын директорунун орун басарлыгын да аркалаган. 2012-2013-жылдары социалдык өнүктүрүү министри болгон. Ал эми 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген. 2017-2018-жылдары Түштүк Кореядагы элчи болгон. 2018-жылдын октябрында ал социалдык өнүктүрүү министринин орун басары мас болуп калгандыктан каттамдан алынганы боюнча ЖМКларга маалымат бергенден кийин кызматынан четтетилген.

Кадыр Токтогулов

© Фото / Сайт МИД КРКадыр Токтогулов
Дипломатиялык тажрыйбасы жок туруп эле элчи болуп кеткендер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Токтогулов

Бир нече жыл журналист болуп иштеген. Алмазбек Атамбаев премьер болуп турганда, 2011-жылы, өкмөттүн жана премьер-министрдин маалымат кызматын жетектеген. Атамбаев президент болгон соң анын маалымат кызматынын башчысы жана мамлекет башчынын пресс-катчысы болгон. 2014-жылы 31-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындалып, быйыл жыл башында кызматтан алынган.

Алиясбек Алымкулов

2010-жылга чейин ишкерлик менен алектенген, андан сырткары, мамлекеттик компаниялардын биринде иштеген. 2010-жылы апрель окуяларына катышып, башына ок тийген. Апрель элдик революциясынын баатыры. 2014-жылга чейин Жаштар министрлигин жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектеген. 2016-жылы Алматы шаарына башкы консул болуп дайындалган, ошондон бери ошол жакта иштейт. Эске салсак, Алымкулов 2009-жылы Дипломатиялык академияны аяктаган.

Эдил Байсалов

Улуттук олимпиада комитетинде, бейөкмөт уюмдарда жана швейцариялык компаниялардын биринде иштеген. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген.

2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткарган, кийин коомдук иштер менен алектенген. 2019-жылы июнда Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0