Рысбай Исаков 1975-жылы 11-майда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жээренче айылында жарыкка келген.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Эмгек жолу 2002-жылы "Нур борбор" коомдук бирикмесинде башталып, Исаков борбордун аткаруу кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан соң "Манас-мурас" коомдук фондусунда аткаруучу директор болуп да эмгектенген. Акын-жазуучу, манасчы катары бир нече улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси. "Назар кайып" көркөм чыгармасынын авторлорунун бири, "Ырчынын ыйы" көркөм баянынын автору.
Рысбай Исаковдун учкул кептери:
Өскөндү ыксыз көпкөлөң,
Өнөкөт урат өпкөдөн.
***
Көрбөй туруп көз менен,
Көбүртүп айтпа сөз менен.
***
Аял коюнга кирет,
Анан моюнга минет.
***
Өнөрдүн жынысы болбойт.
***
Мончого жакын кирдебейт,
Молдого жакын жиндебейт.
Сууга жакын кургабайт,
Чууга жакын жыргабайт.
***
Сөз жоголбойт, тонолбойт,
Сөз баркын билбес оңолбойт.
***
Торопойго тойгондун тобосу жүрбөйт.
***
Ышкырык көпкөндө чыгат,
Үшкүрүк чөккөндө чыгат.
***
Ысыктын күнү сайгак күч,
Сууктун күнү сийгек күч.
***
Өмүрдүн бүткөн чеги,
Өлүмдүн күткөн жери.
***
Эри бузуктун – кеби бузук,
Катыны бузуктун – акылы бузук.
***
Куюшканга жабышкан тезек болбо,
Куюн менен жарышкан эшек болбо.
***
Кошомат кылгандын кошо мат болмою бар.
***
Акын ооруса, жер онтойт.
***
Ачуусу чукулдун — акылы тукур.
Кесиби жоктун — кешиги жок.
***
Ток мейман — жок мейман.
***
Токол уйга мүйүз бүтсө,
Торпокту сүзүп өлтүрмөк.
***
Араздашкан дос — ачыган каймак.
***
Ырыскымдын сандыгы — ыр ышкымдын бардыгы.
***
Өрнөктүү жанга жумуш бар,
Өлбөгөн жанга ырыс бар.