00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Елисеевге байланыштуу 120 млн. сом. Экономика министрлиги УКМКга жооп кайтарды

Жазылуу
Министрлик калган акчаны мамлекеттин казынасына которуу демилгеси Банкрот иштери боюнча департамент тарабынан көтөрүлүп, ага укук коргоо органдары катышкандыгын маалымдады.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин кызматкерлери 120 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган деген билдирүү чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алексей Елисеевдин 120 миллион сомдук автивин тапканы айтылган

Мамлекеттик комитет Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин кызматкерлери Елисеевге таандык "Кристалл" ААКты текшерүү учурунда 120 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышканын кабарлаган.

Бул каражат сыртка чыгып кетпеши үчүн аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бүгүнкү күндө мамлекеттин эсебине 67 миллион сом которулуп, калган сумманы которуу аракеттери көрүлүп жатканы айтылган.

Ал эми Экономика министрлиги Жалал-Абад облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык соту №ЭД-165/10МД ишинин негизинде 2010-жылдын 4-июнунда "Кристалл" ААКсын банкрот деп чечим кабыл алгандыгын айтууда.

"2011-жылдан бери "Кристалл" ААКсынын мүлкүн сатуу боюнча 18 аукцион өткөн, акыркысы 2018-жылдын 16-мартында уюштурулуп, баштапкы баасынан 50 пайызга төмөндөтүлүп 248 миллион 130 миң 300 сомго бааланган. Ага эки компания катышып, 426 миллион 340 миң сом сунуштаган кытайлык "Гидроэлектр тармагын өнүктүрүү боюнча Гуансийлик Ваньцюань ЛТД компаниясы" жеңүүчү аталган", — деп жазылат маалыматта.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, аталган мүлк сатылгандан кийин "Кристалл" ААКсынын насыялык карызы толугу менен төлөнгөн.

"120 миллион сомдун 67 миллиону УКМКнын атайын эсебине сактоого берилген. Калган акчалар "Кристалл" ААКсынын эсебинде, ал каражаттар боюнча "Кристаллдын" насыя берген тарабы ортосунда соттук териштирүү жүрүүдө", — деп министрликтен түшүндүрүштү.

Мекемеден ошондой эле калган акчаны мамлекеттин казынасына которуу демилгеси Банкрот иштери боюнча департаменти тарабынан көтөрүлүп, ага укук коргоо органдары катышкандыгын кошумчалашты.

Мындан сырткары, 2018-жылдын 18-июнунда Банкрот иштери боюнча департаменти "Кристалл" ААКсынын акцияларына Елисеев менен байланышы бар "ESTER HOLDING CORP." компаниясынын ээлик кылышы канчалык мыйзамдуу экендиги боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Алексей Елисеев Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Коомчулукта анын качкын президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын досу болгону айтылып жүрөт. 2010-жылдагы апрель коогалаңынан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы 25-августта Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0