10:45 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

УКМК: Елисеевдин мүлкү мамлекетке алынды

© Sputnik / Алексей Сухоруков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
166 0 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ырасташынча, кызмат адамдары сот Алексей Елисеевдин мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарганына карабай 120 миллион сомду ага которууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алексей Елисеевдин 120 миллион сомдук активин тапты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин кызматкерлери Елисеевге таандык "Кристалл" ААКты текшерүү учурунда 120 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышканы аныкталды. Ошол эле маалда алар Елисеевдин мүлкүн конфискациялоо боюнча соттун өкүмү чыкканын алдын ала билишкен.

Бул каражаттын чыгып кетпеши үчүн аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси - "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бүгүнкү күнү мамлекеттин эсебине 67 миллион сом которулду. Калган сумманы которуу аракеттери көрүлүүдө.

Алексей Елисеев Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Коомчулукта анын качкын президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын досу болгону айтылып жүрөт. 2010-жылдагы апрель коогалаңынан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы 25-августта Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон болчу.

Тема боюнча

520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
Баш прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши боюнча иш козгоду
Кыргызга келин болуп, 10 бала төрөгөн Елисеева: кайненемдин үнү кулагымда турат
Белгилер:
акча, Алексей Елисеев, УКМК, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ