00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк баалардын өсүшү, күйүүчү майдын тартыштыгы жана айыл чарбанын келечеги! Кыргызстан бул чакырыктарга кантип жооп берүүдө?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что защищают российские комплексы С-300 в Кыргызстане - эксперт о современных угрозах
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Адилет соттук териштирүү: улуттук стратегия жана жарандардын укуктарын коргоо
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда жарандарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз бажысындагы аткезчилик ажолордун башын оорутканда

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдан аткезчилик менен кирген товарларга кимдер гана сын айтпайт. Бул Кыргызстандын гана эмес, башка өлкө жетекчилеринин дагы мээсин чаккан маселе.

21-ноябрь күнү кечинде "Азаттык", OCCRP жана Kloop биргеликте айтылуу Матраимовдор, жакында эле киши колдуу болгон Айэркен Саймаити жана бажы системасы тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялады.

Иликтөөдө Саймаити кыргызстандык аткаминерлер катышкан коррупциялык схемалар тууралуу маалымат бергени айтылат. Бирок ал акыркы жана өтө маанилүү документти берүүгө жетишпей калганы дагы кошумчаланат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстандагы бажы системасына олуттуу сындар айтылган учурларды тизмектеп чыкты.

Элдин бажыга ишенбесин жакшы билген өкмөт башчы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакында эле "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жаңы жабдуулар коюлганда барып, жарандар арасында Бажы кызматынын ишине ишенбөөчүлүк бар экенин айтты

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда
Кыргыз бажысындагы аткезчилик ажолордун башын оорутканда - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда
"Эл бажы жыйымдарынын бир бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз Бажы кызматынын ишинин ачыктыгын көрсөтүшүбүз керек", — деген премьер. Бул үчүн Абылгазиев кыргызстандыктарга канча жүк келип, бажы көзөмөлүнөн кантип өтүп жатканын онлайн режимде көрүп турууга мүмкүнчүлүк берилиши керектигин белгиледи.

Отунбаева: өнөктөштөр менен мамилебиз бузулуп жатат

Кыргызстандын бажы системасы менен ысымы катуу чырмалышкан Райымбек Матраимовго байланыштуу маселе Кыргызстандын Россия жана Казакстан менен ич ара экономикалык мамилесине залакасын тийгизип жатат деген пикирин экс-президент Роза Отунбаева "Азаттыкка" билдирген. 

© Фото / посольство КР в РФЭкс-президент Роза Отунбаева
Кыргыз бажысындагы аткезчилик ажолордун башын оорутканда - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Роза Отунбаева
"Россия менен Казакстан "Матраимов дегендери бар. Ошолор бажыдан байып жатат. Байыганынан бөлүшүүдө. Эмнеге биз эрежелерге каршы турушубуз керек, оозубузду ачып?" деп айтып жатышат. Демек, Матраимовдун залакасы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилеге да тийип жатат", — деген экс-президент.

Отунбаева коомчулук ал адамдын жоопко тартылышын күтүп турганын жана бул талап ишке ашпай жатканы суроо жаратарын айткан эле.

Коңшунун дооматы

Туура эки жыл мурда кыргыз-казак чек арасында көйгөйлөр жаралып, кыргыз тараптан бара жаткандар Казакстанга өтө албай бир топ убара болушкан. Абалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары бир нече ирет жолугушкан. Мисалы, Еревандагы (Армения) ал кездеги өкмөт башчылар Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолукканда, казак өкмөт башчысы кыргыз бажысында бир топ кемчиликтер бар деген тариздеги пикирин билдирген. Мисалы, Кыргызстандын Казакстанга контрабандалык жол менен товар ташый турганы айтылган. Андан кийин премьерлер Астана шаарында кезиккенде казак тарап Кыргызстанга салык башкаруучулук боюнча мыйзамдарын ЕАЭБдин укуктарына ылайык иреттештирүү, мыйзамсыз экспортко каршы аракеттерди көрүү, ЕАЭБдин стандартына ылайык ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдөрдү натыйжалуу жүргүзүү сыяктуу талаптарды койгон.

Казакстандын дагы бир айыптоосу

Чек ара көзөмөлдөн өтүп жаткан жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы
Казакстандын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелер комитети өз сайтына ушул жылдын июль айында Кыргызстандын чек арасындагы кемчиликтер тууралуу маалымат жарыялаган. Анда ЕАЭБге Кытайдан аткезчилик жолу менен кирген товарлар чоң көйгөй жаратып жатканы айтылат. Болгондо дагы мыйзамсыз товарлар Кыргызстан аркылуу кирип, бирикменин бардык мүчөлөрүнө кедергисин тийгизип жатканы жазылган. Комитеттин маалыматына караганда, Казакстанга ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз товар кирген 1,8 миң учур катталган. Анын кесепетинен Казакстан 1 миллиард теңге чыгым тартканы көрсөтүлгөн.

Бажы көйгөйүн чечүүдө Кыргызстан кандай сунуш айткан

Өнөктөштөрдө Кыргызстандын бажы төлөмдөрү жашырылат деген күмөн саноо бар экенин президент Сооронбай Жээнбеков 29-майда Нур-Султанда өткөн ЕАЭБ жыйынында моюндаган. Бул маселени чечүү үчүн ал ЕАЭБ жана ЕЭК мүчөлөрүнөн турган үч тараптуу көзөмөл кылууну сунуштаган. Анын айтымында, мыйдай кадам бардык күмөн саноолорду жокко чыгармак.

Жаңылыктар түрмөгү
0