Министр: кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүү оңунан чыкпай калды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Евразийского межправительственного совета в Ереване
Заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Новиков Кыргызстан казак премьеринин айткандарын терең анализдегенден кийин гана өзүнчө билдирүү жасай турганын айтты

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Экономика министри Артем Новиков ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын соңу менен кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга баа берди.

Кезектеги жыйын Армениянын борбору Ереван шаарында өттү. Кыргызстандын делегациясын премьер-министр Сапар Исаков баштап барды.

"Жыйын учурунда Кыргызстандын Казакстанга контрабандалык жол менен товар ташый турганы айтылды. Эсепке кирбеген импорт көйгөйү жалгыз эле Кыргызстанда эмес, ЕЭАБдин башка мамлекеттеринде да бар. Менимче, маселе бизде гана жаралып жатат деген суроонун коюлушу туура эмес. Мындай маселе Казакстанда да бар", — деди Новиков.

Министр Кыргызстан казак өкмөт башчысынын айткандарын дыкат иликтеп чыккандан кийин өзүнчө билдирүү тарата турганын белгиледи.

"Казак премьеринин айтканы чек арадагы маселени чечпейт", — деди ал.

Новиков Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы чек ара көйгөйүн чечүү үчүн беш күн Астанада болгонуна, ар бир мамлекеттик орган менен сүйлөшүүлөр жүргөнүнө токтолду.

"Жол картасын даярдап, бардык пунктуларын макулдаштык. Ишкерлерибиздин тоскоолдуксуз чек арадан өтүүсү үчүн конструктивдүү диалогго бардык. Бирок бизге Жол картасына кол коюлган күндө да чек ара ачылбай турганын айтышты. Ошондуктан кол коюу расмиси болгон жок", — деди министр.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын премьер-министри чек арадагы кырдаал тууралуу айтты
Новиков Кыргызстан ЕАЭБдин механизмдерин эске алуу менен бул багытта ишти уланта берерин белгиледи.

Чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралган. Астананын маалыматына караганда, бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автокөлүк менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0