Анорексия Кыргызстанда өтө эле чанда кездешкен оору. Аны айыктырган адистер да сейрек. Алардын бири Наталья Юшкина Москвадагы РУДН окуу жайынан билим алып, иштеп келет. Учурда Бишкектеги Республикалык психикалык ден соолук борборунда психиатр болуп эмгектенет.
— Анорексияга эмне себептен кабылышат?
— Анорексия — бул табиттин гана жоголушу. Ал кайсы бир ооруга байланыштуу болушу ыктымал. Ал эми нерв анорексиясы — психиканын бузулушу. Ага кабылган адам салмак таштоону гана ниет кылып, толуп кетүүдөн коркуп турат. Өзүн "семиз, өтө эле жагымсыз" сезип, азыктануусун чектейт же андан таптакыр баш тартып коет. Нерв анорексиясы — психологиялык оорулардын ичинен өлүмгө алып келген жалгыз оору.
Буга көбүнчө өзүн анчейин баалап-барктай билбеген, сөзгө абдан маани берген, өтө эле жоопкерчиликтүү жана кынтыксыз (перфекционист) сапаттары бар кыздар көбүрөөк чалдыгат. Мындайлардын арасында илим-билимдүү эле адамдар, маданият жана спорт ишмерлери бар. Маселен, балет бийчилери, актрисалар келбетин, ишин сактоо үчүн өтө эле кооптуу диеталарга отурушат.
— Ооруга көбүнчө кыздар кабылганын көрүп-билип жүрөбүз.
— Эркектер чанда жапа чегет. Көбүнчө өспүрүм кыздар кабылышат. Жакын адамдын тышкы келбетке карата сын айтышы, "толуп кетиптирсиң", "арыктабайсыңбы" деген сөздөрү психиканы бузат. Кыздар журналдагы же телевизордогу чырайлуу моделдерди карап, таасирлениши ыктымал. Бул деле балким жакшы мотивациядыр. Бирок айрымдар өзүнө жарашыктуу арыктагандан кийин дагы ыраазы болбой, диетаны аша чаап карманышат. Мындай учурларда туугандар көңүл буруп, көзөмөлдөп коюшу керек. Ата-энелерге кеңешим, балага кичинекей кезинен тарта "толук, келишимдүү эмес" деген сыяктуу сөздөрдү айтпоо керек. Ошол эле учурда анын сырткы келбетин өтө эле мактоого да болбойт. Мындай сөздөр аны идеалдуу болууга түртөт.
— Биз анорексияга кабылган адам арыктай турганын гана билебиз. Организминде дагы башка кандай өзгөрүүлөр болот?
— Жалпысынан оорунун психикалык мүнөздөмөлөрүнө алсыроо, чарчоо, мүңкүрөө, көңүлү чөгүү, түнт болуу, иш жөндөмдүүлүктүн азайышы, депрессия, уйкунун бузулушу, психиканын өзгөрүшү кирет. Физиологиялык белгилери боюнча айтсак, жыныстык мамилеге болгон каалоо азаят же таптакыр жоголот. Дайыма үшүп турат, баш айланат, эстен танып, кээде жыгылып да калышат.
Илдеттин өрчүшүнүн үч стадиясы бар. Алгачкы баскычында адамдын тамактануусу өзгөрүп, арыктоонун ар кыл ыкмаларын издештирип баштайт.
Үчүнчү баскычта адам "шылынып" эле калат. Организмде микроэлементтердин балансы бузулуп, ички органдар жабыркай баштайт. Бул оорунун өтүшүп кетишине алып келип, акыры өлүмгө чейин жеткирет.
— Анорексияга кабылган кайсы бейтабыңыз көбүрөөк эсте калды?
— Москвадагы бейтап эсимде. 14 жаштагы (бою 165 сантиметр) бир кыз 63 килограммдан 40 килограммга чейин арыктаган. Кызга жаккан бала мектептен аны "пончик" деп тамашалап коюптур. Ошондон кийин арыктоону чечет. Кыз алгач туура тамактануудан баштаган. Майлуу, таттуу жана камыр тамактардан баш тартып, жашылча-жемиштерге өтөт. Натыйжада 11 килограмм арыктап, ага дагы ыраазы болбой салмак таштаганга "азгырылат". Бир ай ичинде кофе, чай, айран, жаңы даярдалган шире, жашылчалардан жана тооктун этинен жасалган сорпо ичиптир. Канча арыктаса деле күзгүгө каранып, өзүнөн кемчилик издей берет. Салмагы 40 килограммга жеткенде тааныштары аны анчейин тааныбай, көчөдөн сөөмөйү менен көрсөтүп башташат. Ден соолугу да начарлай баштаганын сезип ата-энесинин айтканына макул болуп дарыгерге келет. Психиатр, психотерапевт жана психологдордун жардамы менен кызды аман алып калдык.
— Демек тамак жеп коюп эле оорудан айыгуу мүмкүн эмес турбайбы?
— Ооба, тамак жеп баштаса эле өзүнө келип калат деген жаңылыштык. Бул үчүн комплекстүү жардам жана узак убакытка созулган терапия керек. Психиатр, психотерапевт, психолог, диетолог, эндокринолог жана гастроэнтерологдун жардамы зарыл. Ар бир бейтапка индивидуалдуу мамиле жасалат.
— Кыргызстанда анорексия менен канча адам жабыркайт?
— Аталган ооруга кабылгандар дарыгерлерге чанда кайрылышат. Алар оорусун жашырып, көп учурда өздөрүн "оорулуумун" деп эсептешпейт. Кыргызстанда акыркы жылдары анорексия менен эки гана бейтап кайрылды. Алар биздин Психикалык ден соолук борборунан дарыланышкан. Каза тапкандар катталган эмес.