00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки акындын "Кеч күздөгү кусалыгы". Бишкекте ыр кече өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный музыкальный инструмент комуз
Национальный музыкальный инструмент комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мээркан Токсобаева Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинен журналисттик кесипти окуса, Самидин Стамбеков Ош мамлекеттик педагогикалык институтун филолог адистиги боюнча аяктаган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Борбор калаада КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаева жана Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган "Кеч күздөгү кусалык" деген аталыштагы поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонддон кабарлашты.

Праздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше - Sputnik Кыргызстан
Калса экен кыргыз бойдон балдарыбыз! Жыргалбек Касаболотовдун кеп казынасы
Ыр майрам 22-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында саат 17.00дө башталат.

Акын Мээркан Токсобаева Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

Райондук "Эмгекчил" гезитинде кабарчы, редактор болуп иштеген. Журналисттик иши менен катар жеке чыгармачылыгын айкалыштырып, "Махабатым", "Мажүрүм тал", "Улуу сезим" аттуу поэтикалык жыйнактарын чыгарган. Райондогу чыгармачыл адамдардын башын бириктирген "Тескей күүлөрү" аттуу адабий ийримди 40 жылдан ашуун убакыттан бери жетектейт.

КРдин Ардак Грамотасынын ээси, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Тоң районунун ардактуу атуулу.

Акын Самидин Стамбеков Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агалбай калса бузулат суу да! Анатай Өмүркановдун кеп казынасы
Ал Чаткал орто мектебинде мугалим, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Кийинчерээк Чаткал райондук "Чаткал оттору" гезитинде редактордун орун басары жана редактору, Бишкек шаарындагы "Фрунзе шамы", "Ленинчил жаш", "Ак бата" гезит-журналдарында кабарчы, бөлүм башчы, редактордун орун басары, Жалал-Абад облустук "Акыйкат" гезитинин башкы редактору кызматтарын аркалаган. 2008-жылдан бери Жалал-Абад облустук коомдук-педагогикалык "Дил" гезитинин башкы редактору болуп иштеп келет.

Анын чыгармалары облустук, республикалык "Кыргызстан маданияты", "Ленинчил жаш", "Ленин жолу", "Мугалимдер газетасы", "Кыргыз туусу", "Эркин-Тоо" сыяктуу гезиттерге, "Ала-Тоо", "Жаш Ленинчи", "Ак бата" журналдарында басылган.

Ал "Студенттик жаз - 80", "Ала-Тоо жазы – 88", "Алыкулдун ак боз ат – 90" фестивалдарынын катышуучусу жана лауреаты болгон.

Стамбеков Анна Ахматованын, Михаил Дудиндин, Лев Озеровдун, Николай Рубцовдун ырларын кыргыз тилине которуп, алардын айрымдары адабий журналдарда жарыяланган, айрымдары акындын "Алыстан жазылган каттар" деген ыр жыйнагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0