Автоинспектор токтотсо алактап калба! Айдоочуларга эскертме

Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери жолдон токтоткондо айдоочу эмне кылууга тийиш, тартип сакчысынын кандай милдеттери бар, куралды колдонуусу кайсы убакта мыйзамдуу болуп саналарын эксперттер айтып беришти.

Октябрда ЖКККББ инспектору айдоочунун артынан кубалап барып, ок чыгарган. Окуя Кант шаарында болуп, ушул тапта тергөө жүрүүдө.

Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курган КР Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын ага тескөөчүсү Узак Шергазиев жана кесиптик даярдоо тобунун ага инспектору Асыл Кошматов айдоочуну токтотуп, кармоодогу укук жана милдеттерин айтып беришти.

Кызматкерлер эмне иш аткарат?

Автомобилдерди коштоо, патрулдук автомобилдер же мотоциклдер, жөө кайтаруу жана стационардык, көчмө посттордогу иш ЖККК бөлүмдөрүнүн ишинин негизги формалары болуп саналат.

Кызматкер кайсы убакта айдоочунун артынан түшө алат?

Кызматкер бир нече учурда транспорттук каражаттардын артынан кубалай алат:

  • Автонун ичинде кылмышка шектелген кишилер болсо, инспектор унаанын артынан түшөт. Ошондой эле кызматкер жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун да изине түшүүгө укугу бар.
  • Орчундуу учур: автонун айдоочусу адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканын көрсө кызматкер жол эрежесин бузган кишинин унаасынын артынан түшүүгө акысы бар. Айдоочу кызматкердин токто деген талабын кулак сыртынан кетирсе, анда тартип сакчысы артынан кубалоого толук укуктуу.

Артынан кубалоодо кызматкердин милдеттери

Дорожный знак, обозначающий круговое движение - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу айлампа жолдо жүрүүнүн эрежеси өзгөрдү
Урунттуу учур: айдоочунун артынан атайын кайгуул транспорту менен гана кубалоо мыйзамдуу. Автодо бардык айырмалоочу белгилер болуп, атайын жабдыктар (жарык жана үн) менен жабдылышы шарт. Тагыраак айтканда, эгер кадыресе, мейли атайын сигналдар орнотулган унаа менен кубалашса, айдоочу токтоо боюнча талапты аткарбай кое алат.

Автомобилдин артынан кубалоодо ЖККК кызматкери буларга милдеттүү:

  • Бөлүмдүн же ИИБдин нөөмөттөгү кызматкерине өзүнүн жүргөн жерин жана кыймылынын багытын кабарлап турушу керек;
  • Атайын үн жана жарык сигналдарын дайым жандырып, үн күчөткүч түзүлүштү колдонушу шарт;
  • Кызматкер өзү кубалап бараткан кишилердин жана жол кыймылындагы башка кишилердин аракеттерине кылдаттык менен көз салып туруусу абзел;
  • Кыймылдын башка катышуучуларына кылдат жана этият болуусун айтууга милдеттүү;
  • Кайгуул унаасынын ылдамдыгын кызматкер белгилүү бир шарттарга жараша тандай алат.

Кызматкердин бул аракеттеринин баары жеке өзүнүн да, кыймылдын башка катышуучуларынын да коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Куралданган жана өтө кооптуу

Кызматкер артынан кубалап бараткан кишилер куралданган болсо, сөзсүз түрдө бул туурасында ИИБдин нөөмөт бөлүгүнө маалымдап, кезметтеги кызматкердин айтканына жана жагдайга жараша аракет кылууга тийиш.

Кызматкер кайсы убакта автомобилди токтотууга акысы бар?

ЖКККнын ар бир кызматкери транспорттук каражаттарды төмөнкү учурларда токтото алат:

  • эгер ал айдоочунун же жүргүнчүнүн жол эрежелерин бузуп жатканын көрсө;
  • эгер кызматкер айдоочунун, жүргүнчүлөрдүн жол кырсыгына, эреже бузуу, жорук же кылмышка катыштыгы тууралуу маалымат билсе;
  • эгер кызматкер авто издөөдө экени же автомобилдин мыйзамга жат максаттарга колдонулушунан кабардар болсо;
  • жол кырсыгы, эреже бузуу, жорук же кылмыштын чоо-жайын аларга күбө болгон айдоочу же жүргүнчүлөрдөн кызматкер көрсөтмө алууга тийиш болгон учурда;
  • кыймылдын бөлөк катышуучуларына же ИИБ кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн айдоочу же автомобиль керектелгенде;
  • ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жетекчилердин чечиминин негизинде кыймылды чектөө же кыймылга тыюу салууда;
  • жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айдоочуну токтотууда кызматкердин аракеттери

  • Автомобилди же кыймылдын башка катышуучусун токтотууда кызматкер айдоочунун чыгып келишин күтпөстөн токтотулган автомобилдин жанына барууга милдеттүү.
  • Тартип сакчысы учурашып, өз кызматын, даражасын, фамилиясын айтып, кайрылган же токтоткон себебин кыскача билдириши кажет.
  • Айдоочунун талабына жараша кызматкер посттун (кайгуул багытынын) картасын, ошондой эле кызматтык күбөлүгүн ачып, колуна бекем кармап туруп көрсөтүүгө тийиш.
  • Кызматкердин андан аркы аракеттери жагдайга, автомобилдин айдоочусунун жүрүш-турушу жана абалына жараша болот.
  • Мында маани берчү нерсе: эгер кызматкерлер айдоочу же жүргүнчүгө мыйзам бузганын түшүндүргөндө алар инспекторлорго адепке жатпаган сөздөрдү айтып жана башка мыйзамсыз аракеттерге барса, жол эрежесин бузуу боюнча бардык мыйзамдуу чараларды көрүп, мындан тышкары, КР мыйзамдарына ылайык жоопко тартууга тийиш.

Айдоочу кайсы учурда унаадан чыгууга тийиш?

  • Кызматкер айдоочудан төмөнкү учурларда автомобилден чыгышын талап кыла алат:
  • эгер кызматкер айдоочу мас абалында деп шектенсе;
  • эгер айдоочунун өзүн, унааны же жүктү текшерүү зарылдыгы болсо;
  • айдоочу, жүргүнчү кылмыш кылган же мыйзам бузган деген шек жаралса;
  • эгер айдоочунун жүрүш-турушу аны токтоткон кызматкердин же ИИБдин башка кызматкерлеринин жеке коопсуздугуна коркунуч келтирсе;
  • эгер агрегаттардын номерлери жана унаанын кыймылдаткычын (түйүндөрүн) каттоо документтериндеги жазуулар менен салыштырып текшерүү (сөзсүз түрдө айдоочунун көзүнчө) зарылдыгы чыкса;
  • айдоочунун машинанын техникалык мүчүлүштүгүн жоюп же туура эмес жүктөлгөн жүктү оңдоп алышын эскертүү үчүн;
  • айдоочунун соттук отурумдарга катышуусу керек учурда;
  • эгер айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына же ИИБ кызматкерлерине жардам көрсөтүүгө тийиш болсо;
  • айдоочуга жол кырсыктарын алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү зарылдыгы чыккан кезде.

Текшерүү тартиби

ЖКККББнын тескөөчүсү Узакбек Шергазиев  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шергазиев: автоинспектор мыйзам бузуп качкандарды кууп, дөңгөлөккө атканга укуктуу
ЖККК кызматкери жол эрежесин бузган бардык транспорттук каражаттарды, айдоочуларды токтотуп, текшерүүгө укуктуу. Текшерүү маалында алар нарядда болууга жана токтотуп, текшерүүдө кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратпоосу тийиш.

Кызматкердин аракеттери катышуучуларга түшүнүктүү, ал эми башка авто жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпоо үчүн айдоочуларга создуктурбастан ишараттар берилиши шарт. Тагыраагы, айдоочу кызматкердин ишаратынан улам кескин токтоп, бурулуп же ушул сыяктуу опурталдуу кыймылдарга барбай тургандай болушу шарт.

Бул талаптар кортеждерди коштоп жана кайтарууда, ошондой эле ИИБдин типтүү жана коддук иштерин өткөрүүдө кылмышты чектеп же токтотууну камсыздаган кызматкерлерге тиешелүү эмес.

Баса, жол эрежесин бир нече айдоочу бузса, адамдардын өмүрү жана саламаттыгына оор коркунуч туудурган тараптарга чара көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0