Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек

© Фото / Азат АкаевРуководитель общественного объединения "Жатакана жаштары" Эрбол Абдыбеков
Руководитель общественного объединения Жатакана жаштары Эрбол Абдыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздөрү жатаканада жашаганына карабай карылар жана балдар үйүнө, муктаж жарандарга өз күчү менен жарым миллион сомдой жардам кылган жаштар тууралуу уктуңуз беле? Студенттерден турган "Жатакана жаштары" коомдук бирикмеси дал ушундай кайрымдуулук иш менен алектенет.

21 жаштагы Эрбол Абдыбеков бул бирикмени жетектей баштаганына туура бир жыл болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш болгонуна карабай пайдалуу иштерди аткарган студенттердин башын бириктирген жаш жигит менен баарлашты. 

— Эрбол мырза, ыктыярчылыкка кантип аралашып калдыңыз?

— Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Бишкекке келип, КГУСТА университетинде окуп, жатаканада жашай баштадым. Анан ошол жерде жашы менден улуу байкелер дем алыш күнү балдар үйүнө барып, короо-жайын тазалап, жардам берип келели деп айтып калышты. Макул деп бардым. Ошентип азыр мен жетектеген "Жатакана жаштары" коомдук бирикмеси менен таанышып, мүчөсү болуп калдым. Мындан улам алгачкы жылдан баштап эле ыктыярчымын десем болот.

"Жатакана жаштары" коомдук бирикмеси 2016-жылы жатаканада жашаган студенттер тарабынан түзүлгөн. Эч кандай демөөрчүсү жок өз чөнтөгүнөн, өз күчү менен кайрымдуулук кылган жаштардан турат. Жалпысынан шаардагы бардык жатаканаларды топтогондо 1500гө жакын мүчөбүз бар. Ар жумада ишемби күндөрү балдар же карылар үйүнө барып, материалдык жана моралдык жардам берип турабыз. Биздин катарга кошулгусу келгендерге ар дайым эшигибиз ачык.

— Эмне үчүн балдар жана карылар үйүнө жардам берүүнү чечтиңиздер?

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим мектеп менен китептен эле алынбайт. Өзүңдү таануунун 9 багыты
— Азыр Бишкек шаарында карылар жана балдар үйүнүн саны аябай көп. Биздин эң негизги максатыбыз — жаңы өсүп келе жаткан жаш муун ал жакка ар бир барган сайын сабак алса. Ата-энесине, бир туугандарына, болочоктогу жубайы жана балдарына, деги эле жалпы адамдарга кандай мамиле кылуу керектигин өздөштүрсө деген ниет. Ошондой эле азыртадан баштап ушундай иштер аркылуу жаштарды тарбияласак, балким келечекте балдар жана карылар үйүнө муктаждык жоюлуп кетээр деген тилегибиз бар.

— Кайрымдуулуктун кандай түрлөрүн кыласыздар?

— Негизи биздин бирикме тартип менен иштейбиз. Ар ишемби күнү элүүгө жакын студент чогулат. Эгерде балдар үйүнө бара турган болсок, таттуу-тарапа, азык-түлүк ала барабыз. Майрамдарда концерттик программаларды өткөрүп шаан-шөкөт тартуулайбыз. Жөнөкөй күндөрү эшик алдын тазалап, идиш-аягын жууп, көрпө-төшөктөрүн күнгө жайып тазалык иштерин аткарабыз. Ал жакта иштеген агай-эжейлердин жашоосу ошол жерде өтүп, күндө жумуш үстүндө болушат. Андыктан чарчап калуулары толук мүмкүн. Аларга кандайдыр бир деңгээлде жардам берсек дейбиз. Карылар үйүнө барганда алар менен сүйлөшүп, маектешип келебиз. "Адамдар карыганда жаш бала сыяктуу болуп калат" деген сөз бар го. Чындыгында эле карыларга да балдар сыяктуу көңүл буруу жетишпейт. Биз билген нерселерин сурап, жаштыгын эстеп баарлашабыз. 

© Фото / предоставлено Эрболом АбдыбековымЭрбол Абдыбеков: биздин эң негизги максатыбыз — жаңы өсүп келе жаткан жаш муун ал жакка ар бир барган сайын сабак алса. Ата-энесине, бир туугандарына, болочоктогу жубайы жана балдарына, деги эле жалпы адамдарга кандай мамиле кылуу керектигин өздөштүрсө деген ниет.
Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Эрбол Абдыбеков: биздин эң негизги максатыбыз — жаңы өсүп келе жаткан жаш муун ал жакка ар бир барган сайын сабак алса. Ата-энесине, бир туугандарына, болочоктогу жубайы жана балдарына, деги эле жалпы адамдарга кандай мамиле кылуу керектигин өздөштүрсө деген ниет.

— Акчалай да жардам бересиздерби?

— Албетте. Мисалы, 2016-жылы алгач баштаган кезибизде бир айдын ичинде 280 миң сом акча чогултуп берген кезибиз болгон. Бул каражатты жатаканада жашаган 150дөй студент өз ара топтогонбуз. Өздөрү ачка болуп, курсагы тойбой жатса да кайрымдуулук дегенде ушунчалык жүрөгү таза адамдар болгондуктан колунан келген жардамын беришет. Ага кошумча, азыр деле ооруп, чет өлкөдө дарылануусу зарыл болгондорго акчалай көмөк көрсөтөбүз. Акыркы иш-чарабызда оорукчан бир жаранга жардам берүү максатында Спорт ордосунда кайрымдуулук концертин өткөрдүк. Анда 450 миң сом каражат топтолду. Бул өтө чоң акча. Эми ар бир адамдын мүмкүнчүлүгү бирдей эмес. Кээси берсе, кээ бири бере албайт. Акча бер деп мажбурлоо эч качан болгон эмес.

— Алгачкы жолу балдар же карылар үйүнө барганда кандай сезимдер болду эле? Эсиңиздеби?

Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо - Sputnik Кыргызстан
Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо
— Ооба, эсимде. Биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган коргоо бөлүмүнө баргам. Аларды көргөндө көзүмө жаш айланып, жүрөгүм сыгылып, өзүмдү коёрго жер таппай калгам. Балдар менен сүйлөшүп, оюн-күлкү тартууладык. Жүздөрүндөгү жылмаюуну көргөндө жакшы иш кылып жатканым сезилди. Арасында коляскада отурган бир бала бар эле. Азыр дүйнөлүк сахналарга чыккан, бүт өлкө тааныган бийчиге айланды. Ал эми учурда бул нерседен кадимкидей ырахат алам. Алардын ар бир сөзү мага дем берип турат. 

— Апта сайын барып турсаңыз кадимкидей тааныш болуп калсаңыздар керек?

— Карылар үйүндөгү аталар, апалар өз баласындай тосуп алышат. Момпосуй, таттууларын каткан жеринен алып чыгып беришет. Кадимкидей небереси болуп калганбыз десем болот. Алар менен көбүрөөк отуруп сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Жаш балдар да жакын тууганы келгендей чуркап келип тосуп алышат. Кетээрде бизди ала кеткиле же бат-баттан келгиле деген сөздөрдү укканда ыйлагыбыз келет.

— Ал жердеги эң негизги көйгөй эмне деп ойлойсуз?

Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова асырап алган балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны
— Эң чоң көйгөйлөрдүн бири — билим тармагы. Мисалы, балдарды коргоо бөлүмүндөгүлөр 18 жашка чыкканда колуна документин алып чыгып кетишет. Эмне күн көрөрү белгисиз. Кылмышка аралашып кетиши, көчөдө калышы толук мүмкүн. Биз барган сайын аларды жакшы жакка үндөөгө аракет кылабыз. Мисалы, спорт секцияларына жаздырабыз, кошумча тилдерди үйрөтөбүз. Мына өткөн жаз мезгилинде эки балдар үйүнө немис тилинен курс ачтык. Ал жерде төрт ай тил үйрөнгөндөн кийин жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдү Германияга бир айлык окууга жиберебиз. Колунда бар адамдардын үйүндө жашап, айына 200 евро стипендия алышат. Окууну бүткөндөн кийин кааласа ал жакта иштеп, кааласа Кыргызстанга келишет.

— Сиздин жүрөгүңүзгө өзгөчө тийген тагдыр болдубу?

— Ар бир эле баланын, карынын аянычтуу тагдыры бар. Бирок жүрөк ооруткан бирөөнү айта турган болсом, азыркы тапта шаардагы карылар үйүнүн биринде Чыңгыз Айтматовдун мектептеги мугалими жашайт. Жашы быйыл жүзгө толду. Жолуккан сайын акыл-насаатын айтып, кеңешин берип турат. Анын сөздөрүн бардык студенттер берилүү менен угабыз. Өз балдары таштап кеткен улуу айымдын тагдыры өкүндүрөт. 

© Фото / предоставлено Эрболом АбдыбековымАбдыбеков: балдар үйүнө бара турган болсок, таттуу-тарапа, азык-түлүк ала барабыз. Майрамдарда концерттик программаларды өткөрүп шаан-шөкөт тартуулайбыз. Жөнөкөй күндөрү эшик алдын тазалап, идиш-аягын жууп, көрпө-төшөктөрүн күнгө жайып тазалык иштерин аткарабыз.
Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Абдыбеков: балдар үйүнө бара турган болсок, таттуу-тарапа, азык-түлүк ала барабыз. Майрамдарда концерттик программаларды өткөрүп шаан-шөкөт тартуулайбыз. Жөнөкөй күндөрү эшик алдын тазалап, идиш-аягын жууп, көрпө-төшөктөрүн күнгө жайып тазалык иштерин аткарабыз.

— Ыктыярчы Эрбол менен ага чейинки Эрболдун айырмасы барбы?

— Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Мектепте окуп жүргөн кезде же коомдук бирикмеге кошула электе эмне кылып жүргөнүмдү билчү эмесмин. Күнүмдүк жашоо менен алек болуп, кара курсагымдын азабын тартып жүрчү экенмин. Коомго пайдам тийсе деген ой жок болчу. Азыр карыларга, балдарга же жалпы элге кандайдыр бир жардам кылсам деген ниет менен жашайм. Ошол эле учурда жеке жашоомдо да чоң өзгөрүүлөр болду. Мурда ата-энемди катуу таарынтып алган учурлар көп эле болчу. Карылар үйүнө баргандан кийин негедир ата-энемен көп кечирим сурап калдым. Аларга сый-урмат менен мамиле кылчу болдум.

— Жогоруда демөөрчүлөр менен иштешпейбиз деп айтып калдыңыз. Себебин түшүндүрө кетесизби?

Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Наристе жытына зармын! Кыргызстанда бала багып алуунун түйшүгү канчалык?
— Бизде өзүбүз баш ийген тартип бар. Ал — саясат менен динге аралашпоо жана демөөрчүлөр менен иштешпөө. Демөөрчү болуп берем деген саясатчылар же байлар көп. Бирок алар менен бирге иш кылуудан качабыз. Себеби жаш муун кимдир бирөөнүн колунда курал болуп калуусун каалабайбыз. Мисалы, жаштардын атын жамынган улуулар, демөөрчү болуп берип кийин өзүнүн сөзүн сүйлөткүсү келгендер толтура да. Бардык ишибизди өз күчүбүз менен жасайбыз.

— Бишкек шаары менен эле чектелип калбай ишти аймактарга да жайылтуу планыңызда барбы?

— Бул жаатта иштеп жатабыз. Алгачкы кадам катары Токмок шаарынан баштадык. Анткени бизге жакын болгондуктан бул кыймылды өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет деп ойлойм. Андан кийин Жалал-Абад шаары бар. Убакыт өткөн сайын бүт өлкөгө жайылуу — башкы максатыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0