00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ыр аке — Рамис Рыскуловдун 85 жылдыгына арналган кече өтөт

© Фото / пресс-служба Бишкекского горкенеша (БГК)Народный поэт КР Рамис Рыскулов
Народный поэт КР Рамис Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рамис Рыскулов ыр жазбастан сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенет. Анын эмгектери өзүнүн маани-маңызынын ар бир адам эле түшүнө бербегендиги, камтыган терең философиясы менен өзгөчөлөнүп турат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бүгүн Улуттук китепкананын фойесинде Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты, белгилүү акын Рамис Рыскуловдун 85 жылдыгына арналган "Ыр жыттанган Эл акыны" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлөт. Бул туурасында аталган китепканадан кабарлашты.

Жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков жана Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун кеп казынасы
Кече саат 15:00дө башталат.

Көргөзмө 2 бөлүктөн турат. Биринчиси "Жашап жүрөм, жазыла элек жаш ырдай...", ал эми экинчиси "менин ырыскым да, бактым да калемим..." деп аталат.

Көргөзмөдө Рыскуловдун китептери, гезит-журналдык материалдар, макалалар, интервьюлар, ой-пикирлер, цитаталар орун алган.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Кызыл-Тоо мектебинин 7-классын бүтүргөндөн кийин кичинесинен зээндүү, сергек өскөн, окууга дилгир бала шаарга барып окуйм деп жол тартат. Педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1951-жылы бүтөт. Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук Жогорку комсомолдук мектептин жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун 1959-жылы бүтүп, Кыргызстандагы "Кыргызстан пионери" газетасында адабий кызматкер болуп иштеп эмгек жолун баштаган. Андан кийин "Ленинчил жаштын" редакциясында, 1959-1960-жылдары "Ала-Тоо" журналында иштеген.

Рыскуловдун 14 жашында жазган "Айтабыз алкыш атага" деген ыры "Кыргызстан пионери" газетасына жарыяланган жана "Эки энем" аттуу ырына обон чыгарылган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы "Жаз" деген ат менен басмадан басылып чыккан. Ага удаа эле "Поклон земле", "Даңкан", "Шаттуу ырлар", "Дилбар", "Күлкү чачам", "Жаштык шаары", "Эки жөжө", "Ырлар", "Ай бөбөк", "Ыр нөшөрү" аттуу жыйнактардын автору. 1950-жылдардын ортосунда кыргыз поэзиясында жаңылоо, кеңейтүү багытында адеп демилге көтөргөн Рыскулов болгон.

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Багы жок элдин баатыры көп! Салижан Жигитовдун кеп казынасы
Кыргыз адабиятында биринчилерден болуп эркин ыр формасындагы изденүү менен кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңирди.

Акын Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, А. Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызча которгон.

Рыскулов жеке эле ыр жазбастан сүрөтчүлүк өнөрү менен да алектенет. 1987-жылы ал тарткан "Иисустун өнүгүүсү" жана "Жылмаюу" деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышып, Диплом, Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, лауреаттыкты жеңип алган.

1986-жылы поэзиядагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын эл акыны (1995) деген ардактуу наамдар ыйгарылган. 2017-жылдын 12-декабрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы медалы менен сыйлайт. 2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын маданий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңеши "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгарат. Учурда персоналдык пенсияда экендигине карабастан жигердүүлүк менен чыгармачылыкта эмгектенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0