БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы бир катар көчөлөр Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынын боло турган беттешинен улам жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн саат 20.30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Саат 18:00дөн оюн аяктаганга чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.
Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым. https://sputnik.kg/sport/20190905/1045628099/kyrgyzstan-tazhikstan-futbol.html