Дөңгөлөк алдында калып каза болгон окуучу. Автобустун айдоочусу камалды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-октябрда Бишкекке жакын жерден автобустан түшүп бараткан окуучунун кийими эшикке илинип калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кетип, окуучу дөңгөлөктүн алдына кирип кетип каза болгон.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Окуучуну тебелеп кеткен автобустун айдоочусу №1 убактылуу кармоо жайына бир айга камакка алынды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

3-октябрда саат 15:30дар чамасында Маевкадан чыгып Күн-Тууну көздөй бараткан №18 автобустун дөңгөлөгү алдында калып көз жумган баланын кийими темирге кыпчылып калып, бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган.

Анын Бишкектеги №70 мектептин 5-классында окуганы белгилүү болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0