"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында бир тууганынын жылуу сөзүнө зар болгон кыздын каты жарыяланды.
Бир жыл мурда бир тууган эжем "балам Кыргызстанда жумушу жок жүрөт, Москвадан иш таап берчи" дегенинен өзүмдүн жаныма чакырып алгам. Башында жакшы эле иштемиш болду. Бара-бара жоро-жолдош таап, өзүмчө жашайм деп кетип калды. Алгач жумушка кечигип келип жүрүп, кийин келбей да калчу болду. Телефонун албай түп-орду менен жок болуп кеткенинен жашаган жерине издеп бардым. Өзү жок экен, бөлмөдө чогуу жашагандары такыр эле иштебей жүргөнүн, көп кишиге карыз болгонун айтышты. Жакшылап сураштырсам, баңгизат колдоно баштаптыр.
Албетте, башында байтааныш адамдардан укканда анысына ишенген эмесмин. Бирок жашаган үйүн кайтарып отуруп, акыры бир күнү өзүн таптым. Чындап эле өң-алаттан кетип калыптыр. Арык, көздөрү үңүрөйгөн, жүзүн ала качып кишини карабайт. Көпкө чейин кетирбей отурдум, акыры баңгизат колдонорун мойнуна алды.
Эмнеси болсо дагы жанымда болсун деп өзүм жашаган жерге алып кетип калгам. Жумушка кайра чык десем, макул болбой койду. Телефону тынбай, улам бирөө менен сүйлөшүп жатып, мен ишке кеткенде качып кетиптир. Андан кийин дагы 2-3 жолу издеп бардым, бирок таппай койдум. Биринчиден, жалгыз эжемдин уулу болсо (бизден кийин инилерибиз бар), экинчиден, мен жоопкерчилигин алып алгам да. Андыктан баласы акча салбай калганда, өзүмдүн акчамды анын атынан жиберип коюп жүрдүм.
Акыры эжеме чындыкты айтууга туура келди. Телефондон болгонун болгондой түшүндүрдүм. Эжем унчукпай эле телефонду коюп койгон. Байкушум баласына бушайман болуп жатат деп боорум ооруган. Көрсө ал баласына санааркабай эле, жаманатты кылып аткансып мага таарынып калыптыр. Ошондон бери арадан алты ай өттү. Чалсам да, жазсам дагы таптакыр жооп бербейт. Иниме "баламдан кутула албай жатса, жамандабай эле өзүңчө иште деп айтпайбы" дептир.
Азыр өзүмдү аябай жаман сезип, чүнчүп кеттим. Тамакка табитим тартпай, уйкум каччу болду. Бир тууганың чындыкты кабыл албай, ушитнип жерип койгону жаман экен. Эжем экөөбүз кичине кезибизден сырдаш болчубуз. Ага болгон сырымды айтчумун. Азыр дагы сүйлөшүп чер жазгым келет, сагындым. Бирок ал мени жашоосунан чийип салгандай. Эми эмне кылсам? Кечирим сураш үчүн ишимди жыйыштырып коюп, Кыргызстанга барып келсемби? Барсам деле кабыл албай койсочу?
Перизат Калмаматова, психолог:
— Чындыгында психологго каттын автору эмес, анын эжеси кайрылчудай абалда экен. Психологияда "тануу", "моюнга албоо" деген түшүнүк бар. Адам реалдуу турмуштагы ачуу чындыкты кабыл алгысы келбеген учур. Каарманыбыздын мисалында анын эжеси өз уулунун кемчилигин, катасын көргүсү келбей жатат. Мисалы, бир адам экинчи адамды катуу сүйүп калган учурда анын кемчиликтерин такыр көрбөй калат эмеспи. Анын туура эмес кылган нерселери жөнүндө айткан адамды жаман көрөт. Бул жерде деле ошондой болуп жатат.