Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты

© Александр Федоров"Первому учителю" — 50 лет или Почему Кончаловский снял "обнаженку"
Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наталья Аринбасарова кыргыз адабиятында өзгөчө орунга ээ болгон "Биринчи мугалимдеги" Алтынай жана "Жамийладагы" Жамийланын образын түбөлүккө экранда калтырган.

Жарым кылымдан ашык убакыттан бери чыгармачыл дүйнөдө жүргөн актриса жалпысынан 70тен ашык роль жараткан. Бүгүн сулуулугу жана таланты менен азыркыга чейин элдин элесинен кете элек Аринбасарованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги актриса тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Балерина болууну каалаган. Наталья Аринбасарова 1946-жылы 24-сентябрда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы – казак жигити Өтеули Туремуратович менен апасы – поляк кызы Мария Конецпольская беш баланы тарбиялашкан. Атасы аскер кызматкери болгондуктан актрисанын балалыгы Түркмөнстанда өтөт. Ал жактагы жашоосу оор болгондугун, күн куйкалаган ысыкта жоокерлердин арасында кедейчиликте өткөндүгүн эскерген жайы бар. Үй-бүлө Казакстанга 1956-жылы гана көчүп келет. Атасы жумушуна байланыштуу ар дайым кызматта болгондуктан, апасы балдарын катуу тартипте тарбиялаган. Болочоктогу актриса кичинекей кезинде "Ак куулар көлү" фильмин көрүп, балерина болууну чечет. Он жашында Москвадагы Чоң театрдын алдындагы балет окуу жайына тапшырып өтүп кетет. 

© Sputnik / Георгий Тер-Ованесов / Медиабанкка өтүүНаталья Аринбасарованын атасы – казак жигити Өтеули Туремуратович менен апасы – поляк кызы Мария Конецпольская беш баланы тарбиялашкан. Болочоктогу актриса кичинекей кезинде "Ак куулар көлү" фильмин көрүп, балерина болууну чечет. Бирок ден соолугунан улам ал максатына жетпей калган.
Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринбасарованын атасы – казак жигити Өтеули Туремуратович менен апасы – поляк кызы Мария Конецпольская беш баланы тарбиялашкан. Болочоктогу актриса кичинекей кезинде "Ак куулар көлү" фильмин көрүп, балерина болууну чечет. Бирок ден соолугунан улам ал максатына жетпей калган.

Оорудан улам актрисага айланган. Наталья Аринбасарова Москвада өзү курактуу кыздар менен бирге балет окуу жайынын жатаканасында жашап калат. Ошол кезде эле белгилүү чыгармачыл адамдар менен бирге Чоң театрдагы спектаклдерде кичинекей ролдорду жарата баштайт. Бирок анын балерина болом деген тилеги 15 жашында таш кабат. Дарыгерлер жүрөк оорулуу экендигин аныкташат. Дарты билинип калса окуу жайдан айдалаарына шек жок эле. Андыктан, оорусун жашырып, билим алуусун уланта берет. Бирок машыгуу учурунда кыйналып, алы кете баштаганын сезет. Ошентсе да чыгармачылыкка болгон кыялынан кайтпай, кино дүйнөсүнө аралашууну чечет. Анткени мугалимдери ага табиятынан актрисалык таланты бар экендигин дайыма айтышчу. 1964-жылы окуу жайды аяктаары менен алгачкы тасмасына чакыруу алат.

Сүйүү закымдары көркөм тасмасында Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова Алтынбүбүнүн образында - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү
Оор шартта тартылган "Биринчи мугалим". Режиссёр Андрей Михалков-Кончаловский дебюттук эмгеги үчүн Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасын тандайт. Анын негизинде тартыла турган тасманын башкы ролуна 18 жаштагы Наталья Аринбасарованы чакырат. Ошентип актрисанын чыгармачыл жашоосу кыргыз жеринде, кыргыз тасмасында башталат. Кино тарыхыбыздын шедеврине айланган чыгарма чындыгында эле өтө оор шарттарда тартылган. Мисалы, тасмадагы Дүйшөндүн ролун аткарган Болот Бейшеналиев менен Аринбасарова жамгырда калган сахнаны аткаруу үчүн бир күн кечке чылгый муздак суу болгон кийим кийип жүрүшкөн. Ошондой эле Дүйшөндүн Алтынайды күмүш жасалга менен бетке чапкан жери да жасалмалыктан алыс болгон. Салабаттуу келген Бейшеналиев актрисаны жалпысынан он жолу чындап эле урат. Буга чыдабаган жаш актрисанын бети-башы шишип, атургай эси оогонго чейин барат. Дагы айта кетчү нерсе, фильмге эч кандай каскадёрлор катышкан эмес. Аринбасарова сегиз ай тартылган тасма үчүн 930 рубль гонорар алат. Көптөгөн кыйынчылык менен жаралган ролдун үзүрү да жакшы болот. Бул эмгеги Аринбасаровага кино дүйнөсүн гана ачып тим болбостон, абройлуу Венеция кинофестивалында эң мыкты актрисага берилчү "Вольпи" алтын кубогун алып келет. 

© Sputnik / Александр ФедоровАринбасарованын кинодогу жылдызын жандырган "Биринчи мугалимдеги" Алтынайдын ролу. Тасма режиссер Андрей Михалков-Кончаловский үчүн да ийгиликтүү болот. Бул эмгек абройлуу Венеция кинофестивалында эң мыкты актрисага берилчү "Вольпи" алтын кубогун алып келет.
Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Аринбасарованын кинодогу жылдызын жандырган "Биринчи мугалимдеги" Алтынайдын ролу. Тасма режиссер Андрей Михалков-Кончаловский үчүн да ийгиликтүү болот. Бул эмгек абройлуу Венеция кинофестивалында эң мыкты актрисага берилчү "Вольпи" алтын кубогун алып келет.

Актриса-студент. Биротоло чыгармачылыкка бел байлаган Наталья Аринбасарова актёрдук билимин өркүндөтүүнү чечет. Мындан улам Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актёрдук факультетине тапшырат. Жашы курсташтарына караганда улуу болгон актрисага мугалимдер да өзгөчө мамиле кылышат. Ал кездери студенттерге 3-курска чейин тасмага тартылууга уруксат берилчү эмес. Ал эми аркасында олуттуу сыйлыгы бар актриса үчүн бул тыюуну алып салышат. Чындыгында эле актрисанын таланты эл оозуна алынып, атагы өлкөнүн булуң-бурчуна тараган кез эле. Сабактан чыккан кезде окуу жайдын алдында аны күткөн журналисттердин саны үзүлчү эмес. Ошол эле кезде киного чакыруулар да биринин артынан бири түшө баштайт. 

Кыргыз фильмдеринин жылдызы. Алгачкы эмгеги менен эле бүт өлкө тааныган жылдызга айланган Наталья Аринбасарованын карьерасы советтик кинематографиянын алтын фондунан орун алган тасмаларга бай. Алардын арасында биз сүйгөн кыргыз фильмдери өзгөчөлөнүп турат. Ирина Поплавскаянын "Жамилясында", Үсөнжан Ибрагимовдун "Эски тегирменинде" жана Төлөмүш Океевдин "Уланында" кыргыз кыздарынын ролун жеткире аткарып берген. Ошондой эле актрисанын олуттуу эмгектеринин арасына "Ташкент — нандын шаарын", Никита Михалков тарткан "Согуштун аягындагы бейпил күнүн", жолдошу Эльдор Уразбаевдин "Транссибирь экспресси" жана "Минотаврга зыяратын" кошсо болот. Актриса 21-кылымда да бош отурбай "Антикиллер", "Москва сени сүйөм", "Балалыгымдын асманы" сыяктуу тасмаларда жана сериалдарда роль жаратып келет. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАвгусттун керемет түнү. "Жамийла" тасмасынан бир ирмем.
Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Августтун керемет түнү. "Жамийла" тасмасынан бир ирмем.

Үч жолу турмуш курган. "Биринчи мугалим" тасмасы учурунда режиссёр Андрей Кончаловский менен актрисанын ортосунда сүйүү оту жанат. Кино тартуу учурунда эле көпчүлүккө көрүнбөй жолугушуп жүрүшүп, актриса 18ге чыккандан кийин кыргыз айылында баш кошушат. Бирок Аринбасарова турмушка чыкканын ата-энесине айтпайт. Анткени алардын каршы чыгаары белгилүү эле. Актриса ойлогоной эле Алма-Атага барган кезинде атасы аны үйгө камап, жолдошун болсо киргизбей коёт. Кончаловский көзүнө жаш алып ыйлап, Чыңгыз Айтматов аркылуу партиянын чоңдоруна чейин чыгат. Бирок кыздын атасы эч макулдугун бербейт. Актриса үйүнөн качып чыгып, эки жаш Москваны көздөй бет алышат. Экөөнүн турмушу, тилекке каршы, беш жылга гана узайт. Бул арада ата-эне жолун жолдоп азыр режиссёрлук менен алектенген Егор аттуу балалуу болушат. Экөө Кончаловскийдин чет өлкөдө иштөөнү каалап туруп алгандыгынан улам ажырашышат. Актриса экинчи жолу 1970-жылы Кончаловскийдин досу, анын бир топ тасмаларында иштеген сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыгат. Таланттардын үй-бүлөсүнүн жалгыз кызы Екатерина азыр кинорежиссёр жана жазуучу. Бирок бул турмушу да мурдагысына окшош жол менен аяктайт. Двигубский 1980-жылы биротоло Францияга сапар алгандыктан, алар эки ача жолго түшүшөт. Ал эми үчүнчү жолдошу дагы бир режиссёр Эльдор Уразбаев менен 1982-жылы баш кошуп, 16 жыл чогуу жашашат. 

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүНаталья Аринебасарова Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен. Актриса Кыргызстанга болгон сүйүүсү эч качан өчпөгөндүгүн билдирип, биринчи жолдошу Андрей Кончаловскийдин ар дайым "Бул өлкөнүн абасы менен дем алган актёрго күч кошулуп, таланты өсө түшөт" деп айтканын эскерген жайы бар.
Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринебасарова Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен. Актриса Кыргызстанга болгон сүйүүсү эч качан өчпөгөндүгүн билдирип, биринчи жолдошу Андрей Кончаловскийдин ар дайым "Бул өлкөнүн абасы менен дем алган актёрго күч кошулуп, таланты өсө түшөт" деп айтканын эскерген жайы бар.

Кыргызстанды унутпаган актриса. Наталья Аринбасарова кинодогу маанилүү ролдорун ойногон кыргыз жерин азыркыга чейин унутпай келет. Өлкөбүз эгемендигин алгандан бери Кыргызстанга бир топ жолу келип кеткен. 2003-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө, 2016-жылы дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн "Ак Илбирс" кино сыйлыгын алуу үчүн Бишкекке келген. Актриса Кыргызстанга болгон сүйүүсү эч качан өчпөгөндүгүн билдирип, биринчи жолдошу Андрей Кончаловскийдин ар дайым "Бул өлкөнүн абасы менен дем алган актёрго күч кошулуп, таланты өсө түшөт" деп айтканын эскерген жайы бар. Ошондой эле эски досторуна жолукканда сүйүнөрүн, ал эми дүйнөдөн өткөн жолдошторунун мүрзөсүнө барганда жүрөгүн кайгы басарын айткан. 

Бааланган эмгек. Наталья Аринбасарованын экранда жараткан эмгектери өз убагында татыктуу бааланган. Ал СССРдин жана Казакстандын Эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына жана "Астананын 10 жылдыгы" медалына татыган. Кинодогу ролдору үчүн өз кезегинде Бүткүл союздук кинофестивалда "Эң мыкты актриса" наамы жана Ленин атындагы комсомолдук сыйлыгы менен сыйланган. Ошондой эле 1994-жылы "Алсыз жүрөк" фильминде жараткан ролу үчүн Женева кинофестивалынын лауреаты болгон. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0