Созолонто ырдаган чоң эне. Дарига Назарбаева тууралуу 7 факты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКонцерт Дариги Назарбаевой в Большом театре
Концерт Дариги Назарбаевой в Большом театре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул материалдан Дарига Назарбаеванын үй-бүлөсү, жеке жашоосу жана байлыгы тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот.

Сентябрдын башында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева кайрадан парламенттин жогорку палатасынын төрайымы болуп шайланды. Ал негизи бул кызматка Касым-Жомарт Токаев президент болгондон кийин 2019-жылдын март айында келген.

Жашынан саясатка аралашкан Нурсултан Назарбаевдин тун кызы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду. 

© Sputnik / Владислав ВодневДарига Назарбаева 1963-жылы 7-майда Караганда облусунун Темиртау шаарында жарык дүйнөгө келген.
Созолонто ырдаган чоң эне. Дарига Назарбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Дарига Назарбаева 1963-жылы 7-майда Караганда облусунун Темиртау шаарында жарык дүйнөгө келген.

Отель Mandarin Oriental в Париже  - Sputnik Кыргызстан
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар
Ата-энеси, бир туугандары. Дарига Назарбаева 1963-жылы 7-майда Караганда облусунун Темиртау шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал кезде атасы Нурсултан Назарбаев "Казметаллургстрой" курулуш башкармалыгында иштечү. Апасы Сара Назарбаева билими боюнча инженер-экономист. Кийинчерээк кайрымдуулук иштери менен алектенип "Бөбек" аттуу фонд түптөгөн. Бир нече китептин автору. Дарига Назарбаева үч кыздын улуусу. Динара жана Алия аттуу сиңдилери бар. Динара Назарбаева учурда Нурсултан Назарбаев атындагы билим берүү фондусун башкарат, ошондой эле Казакстандын элдик банкынын ири акционери. Ал эми Алия Назарбаева "Элитстрой" курулуш компаниясын жетектейт, кинопродюсер.

Тарыхчы. Дарига Назарбаева Казакстанда орто мектепти аяктаган соң Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин тарых факультетине тапшырат. Ал жакта эки жыл окуп кайра Казакстанга которулган. Болочоктогу саясатчы тарых илимдери боюнча кандидаттык ишин, андан кийин саясат таануу боюнча докторлук диссертациясын жактаган.

Саясатка карай жол. Дарига Назарбаева 1992-жылдан тарта апасы Сара Назарбаеванын "Бөбек" деп аталган кайрымдуулук фонду менен иштеше баштайт. Ал жакта Дарига вице-президент болуп 1994-жылга чейин эмгектенет. Кийинчерээк медиа тармагына өтүп, "Казакстан телевидение жана радиосу" уюмун башкарып, 1998-жылга чейин "Хабар" маалымат агенттигинин жетекчиси болот. 2001-жылга чейин ушул эле агенттиктин жетекчилер кеңешине кирген. 2004-жылы Дарига Назарбаева саясатка аралашып көрүүнү чечет. "Асар" партиясынын атынан депутаттыкка ат салышып, шайлоодо жеңишке жетип, 2007-жылга чейин эл өкүлү болгон. 

© Sputnik / Болат Шайхинов2004-жылы Дарига Назарбаева саясатка аралашып көрүүнү чечет.
Созолонто ырдаган чоң эне. Дарига Назарбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
2004-жылы Дарига Назарбаева саясатка аралашып көрүүнү чечет.

Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Андан кийин "Казакстандын биринчи президентинин фонду" уюмун башкарып жүрүп, 2012-жылы кайрадан сенатка депутат болуп барат. Назарбаева кезинде "Нур Отан" фракциясын башкарган, 2015-жылы өкмөт башчынын орун басары да болгон.

Ишкерлик. Панама документтерине жарыяланган маалыматтарга ылайык, Назарбаева 2007-жылдан 2012-жылга чейин Asterry Holdings LTD оффшордук компания ээлеринин бири болгон. Бирок бул компаниянын ишмердүүлүгү 2011-жылы токтоп, 2012-жылы сатылып кеткен. Forbes Kazakhstan журналы 2013-жылы Назарбаеванын байлыгын 595 миллион доллар деп баалаган.

Созолонто ырдайт. Дарига Назарбаева бала кезинен чыгармачылыкка жакын экендиги айтылып келет. Университетте жүргөндө эле вокалга кызыгып, аз жерден консерваторияда окуп кала жаздаган. Коңшу өлкөнүн мурдагы президентинин кызы кайрымдуулук концерттерди көп уюштуруп, анда угармандарына созолонто опера ырларын аткарып берет.

Жолдошу абакта каза болгон. Дарига турмушка 1983-жылы 3-октябрда чыккан. Жолдошу Рахат Алиев кесиби боюнча дарыгер. Кезинде Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары болуп, өкмөт аппаратында жана бир нече ири компанияларда эмгектенген. Кийинчерээк Алматынын Салык полициясын жетектеп, элчи болуп, айтор тез арада баш айланткан ийгиликтерди багынткан. 2007-жылы өзү акционер болгон "Нурбанк" ишканасынын жетекчиси уурдалып, буга Алиевди айыпташкан. Көп өтпөй ал кызматын тапшырып, Европага качып кеткен. Кийин эл аралык издөөдө жүрүп, Австриядан кармалган. Бирок европалыктар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоодон баш тарткан. Казакстанда дагы бир нече кылмыш иши козголуп, Алиев Вена шаарындагы түрмөлөрдүн биринде каза болгон

© REUTERS / Shamil Zhumatov/File photoДарига Назарбаева эки уул, бир кыздын апасы
Созолонто ырдаган чоң эне. Дарига Назарбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Дарига Назарбаева эки уул, бир кыздын апасы

Майда тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат
Эки уул, бир кыздын апасы. Дарига Назарбаеванын улуу баласы Нургали 34 жашта. 21 жашында Казакстандагы ири банктардын бири  "Нурбанктын" башкаруучулугунун мүчөсү болгон. Кийин Астанадагы бир райондун акиминин орун басары болууга да жетишкен. Нурали Алиев 200 миллион долларлык байлыгы менен Forbes журналынын тизмесине илинген. Назарбаеванын экинчи баласы Айсултан азыр 29 жашта. Ал Сандхерсттеги Королдук аскер академиясынын бүтүрүүчүсү. Айсултан 2017-жылы Лондон шаарында жүргөндө баңгизаттын таасири менен полиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, аны чаап, тиштеп алгандыгы айтылган. Тун уулу Нургалинин 4, ал эми Айсултандын бир баласы бар. Демек Дарига Назарбаева беш неберенин чоң энеси.

Дарига Назарбаеванын кичүү кызы Венера 19 жашта. Былтыр Казакстанда үлкөн бизнесмен аталган Чайжунусовдордун бүлөсүнө келин болуп барганын ЖМКлар жазып чыккан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0