Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, сугат иштери үчүн аталган аймакта жайгашкан эки көлдүн бирөөсүнө топтолгон 65-67 миллион куб метр сууну толугу менен коё берген. Мындан улам суу кескин азайып, андагы балыктар кырылып калган.
Суу кайда кетти?
Төмөнкү Ала-Арчадагы эки көлдү толтуруп, иштетүү милдети Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн. Жогоруда сөз болгондой, мекеме сугат иштери үчүн эки көлдүн бирөөсүнө топтолгон сууну толугу менен коё берген. Ал эми экинчисине 52 куб метр суу сыя турган болсо, учурда 7 миллион куб метр суу калганын агенттиктин суу ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Сулайманов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
"Быйыл аба ырайы кескин ысык болгондуктан Чүй облусундагы дарыяларда суу тартыш болду. Мындай учурда биз көлмө, көлдөрдү толугу менен иштетүүгө укуктуубуз. Суу Казакстанга сатылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Мен аны расмий түрдө төгүндөйм. Сөз болуп жаткан суу Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы эгин талааларына апрель айынан тарта жумшалды. Учурда көлдөрдү кайра толтуруу иштери башталды. Ала-Арча суу сактагычтары балык чарбачылыгына берилген эмес. Кырылды деген балыктар жапайы болушу ыктымал. Ага биз жоопкерчилик албайбыз", — деди агенттиктин өкүлү Сулайманов.
Кырылган балык кимдики?
Кыргызстандагы спорттук балык уулоону аңчылардын жана балыкчылардын коому элге жайылтып келет. Алар жыл сайын бул материалда сөз болуп жаткан Ала-Арча көлдөрүн ижарага алып, балык өстүрөрүн айтышты. Алардын суу сактагычтарды пайдаланганы үчүн төлөгөн акчалары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине түшөт экен. Тагыраагы, министрликтин Жайыттар, мал жана балык чарба департаменти буга окшогон жайларды Балыкчылар коомуна ижарага берет.
Жабырланган тарап — Аңчылар жана балыкчылар коомунун жетекчиси Юрий Катулевскийдин айтымында, өкмөттүк мекеменин мындай кадамынын кесепетинен 40 миллион сомдой чыгым тартышкан.
"Биз үстүртөн эсептеп чыкканыбызда 400 тоннадай балыгыбыздан айрылдык. Анын ичинде кырылганы дагы, башка сууларга сүзүп кеткени дагы бар. Тургундар тор жана кайырмактар менен күн сайын кармап жатышат. Ар бир килограммын болжол менен 100 сомдон эсептесек, 40 миллион сомдой чыгым тарттык. Бул ирет Суу ресурстар агенттигинин бул кылганынан улам Бишкек шаардык прокуратурасына арызданууну көздөп жатабыз. Анткени 2014-жылы сууну толугу менен коё беришкенде унчуккан эмеспиз. Анда 45 тоннадай балык кырылган эле", — деди Катулевский.
Жагдай тууралуу Айыл чарба министрлигинин жообу:
Министрликтин Жайыт, мал жана балык чарба департаментине балыкчылар коому 30-августта арыз жазган. Бул кайрылуунун негизинде департамент Мамлекеттик техникалык экологиялык инспекциясы менен биргеликте комиссия түзүүнү көздөп жатат. Бул жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен балыктын массалык кырылышына тиешелүү баа берилет.