00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
Утро хорошего дня
Необычные специальности и работа мечты: о профессиях, о которых мечтали в детстве
06:04
38 мин
Күн башат
Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясы бекитилди — эмне өзгөрөт, максаты кандай?
07:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Почему дети часто болеют: главные ошибки родителей
08:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандык стоматологдор дүйнөдө эмнеси менен баалуу?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Три сестры» в Русском театре драмы: о режиссерском выборе материала для нового сезона
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чет өлкөдө ишке орношууда жарандардын акчасын алдаган агенттиктер көбөйдү
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Билим берүү мекемелеринде буллинг жана кибербуллингге каршы күрөш жүргүзүлөт — ата-эненин жоопкерчилиги жогорулайбы?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Какое будущее для человечества готовит «золотой миллиард» — беседа с экспертами
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөлүк экономикалык кризистердин тарыхы
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз саясатында кыз-келиндердин орду. Гендердик маселе кандай чечилүүдө?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
«Великий Гэтсби»: иллюзорность американской мечты
20:07
35 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сооронбай Жээнбеков саясат менен азыраак алектенүүгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Дня независимости КР в Бишкеке
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында буга чейин башталып, бирок саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ал куттуктоосунда эркиндик — ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт экенин белгиледи.

"Жыйырма сегиз жыл мурда колго тийген Көз карандысыздык — Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди. Ошондуктан бүгүнкү эгемендик — биздин гана энчибиз эмес. Бул — ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы. Түмөн муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы. Бабалардын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет", — деди ал.

Жээнбеков андан сырткары эгемендиктин, мамлекеттин ээси — эл экенине токтолду.

Майрамдык фейерверк. Архив - Sputnik Кыргызстан
31-августта фейерверк кайсы маалда атылат? Вице-мэрдин жообу
Президент саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү азыркы башкы милдет экенин кошумчалады.

"Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз", — деди ал.

Президент өлкөдөгү коррупция маселесине да токтолуп, ал улуттук көйгөйгө айланганын белгиледи.

"Бийлик таза болсо эл аны дайыма колдойт. Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде, бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик — элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы андан сырткары бийлик өзү таза болбой туруп, тазалыкты башкалардан талап кыла албай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0