Садыр Жапаровдун абакка качан кайтары белгилүү болду

© Sputnik / Расул УсеналиевЖКнын мурунку депутаты Садыр Жапаров. Архив
ЖКнын мурунку депутаты Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Садыр уулу 22-августта жол кырсыгына кабылып, 26-августта өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Уулуна топурак салуу үчүн барган Садыр Жапаров Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы колонияга бүгүн, 28-августта, кечинде кайтып келет. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Sputnik агенттигине билдирди.

Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу 22-августта жол кырсыгына кабылып, 26-августта өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына коюлду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровго 27-августта уулунун тажыясына барып келүүгө уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0