Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВесна в Крыму
Весна в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 28-авг.— Sputnik. 29-августта күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30…+35 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын аймагында +23…+28 градус болору болжолдонду.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +32…+34, Бишкекте +31…+33 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0