Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Экинчи күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 27-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Таласта +28…+33, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарын аймагында +21…+26 градус болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +33…+35 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +20…+22 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0