Редакцияга түрдүү тагдыр менен көп адам келет. Алардын ичинде жалгыз бой аялдар да бар. Айрымдарынын айтып берген окуяларынан улам бул колумнистиканы жазууну туура көрдүм. Балким, балдарын болбогон себеп менен таштап басып кеткен 100 эркектин бирөө окуп калар...
Жакында дагы бир жалгыз бой аял менен маек куруп калдым. Күйөөсүнүн ур-токмогунан беш жыл мурда кетип калыптыр. Мончоктой болгон төрт баласына атасы бир басып келбептир. Балдар атасын сурашат, күтүшөт деп маектешим жашыды.
Мындай тагдырлар оголе көп. Статистикалык маалыматтарга таянсак, ушул жылдын алты айында эле Кыргызстанда 22 миңден ашык түгөй никеге туруп, беш миңден ашык жубай ажырашып кеткен. Элестетиңиз, алты айдын ичинде беш миңден ашык бүлө бузулуптур. Канча бала тирүүлөй жетим калды?..
Үй-бүлөдө атанын орду башка. Бала үчүн ата кол жеткис экенин чүрпөсүн таштап кеткен эркектер чын эле билбейби? Алар ата мээримин көргүсү келет, күтөт, жол карайт. Жөн гана атасынын мойнуна асылып ойногусу келет...
Башкалар атасына эркелеп жүргөнүн көргөн балдардын томсоруп, жер карап каларын бир жолу ойлондуңар беле? Канчалаган бөбөк азыр таякелерин "аталаганга" аргасыз болуп жүрөт. Ошол балдарды бутуна тургузайын, башканын баласынан кем болбосун деп энеси бирөөнүн эли-жеринде кара жанын карч уруп иштөөгө мажбур.
Өз канынан жаралган баласын таштап кеткен "күкүк" аталарга: "Чүрпөңөр силер кандай болсоңор да күтөт, кечирет. Анткени силер алардын атасысыңар. Балким, азыркы тапта аларга аябай керек болуп жаткандырсыңар. Жок шылтоону айтпай, жөн эле, бүгүн, азыр барып уул-кызыңардан кабар алып, бар экениңерди билгизип койгулачы" дегим келди.
Акыры өз каныңар го... Силерден башка ал кимге керек...
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.