Эмдөө бала төрөлгөндөн баштап тартиби менен жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдардын келечеги үчүн аларды эмдөө зарыл.
"Учурда кызамык оорусу бир гана Кыргызстанда эмес, Европада да күч алып жатат. Муну менен катар эле мындай маселе Америкада да бар. Ошол себептен учурунда эмдөөдөн өтпөй калган балдар-кыздар чет жерге иштегени же окуганы кете албай калууда. Алар кичинесинде өздөрү чечим кабыл албагандыктан, ата-энелери эмдөөдөн баш тартып, балдарынын келечегине чыккынчылык кылган. Эмдөө тартиби менен кетиши керек. Болбосо кийин кеч болуп калат", — деди Исхакова.
Ал жакында эле 11-классты аяктаган жигит эмдөөсү жок үчүн чет өлкөгө окууга кете албай калганын кошумчалады.