Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар...

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор, телеведущий Расул Багышбаев
Диктор, телеведущий Расул Багышбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расул Багышбаев өлкөдө беделдүү делген коомдук биринчи каналдын алдындагы "Ала-Тоо 24" каналынын диктору жана Биринчи радиодо аналитикалык программанын алып баруучусу. Алгач коомчулукка "Миң-Кыял" радиосунда ди-джей болуп иштеп жүргөндө Расул Мырзатегин деп таанылган. Мындан тышкары, түрдүү форматтагы иш-чараларды алып барат.

Расул Багышбаев журналистика менен гана чектелбестен, котормочулукту да аркалайт. Англис, немец, түрк жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Кээде кытай тилди чанып кеткенине өкүнүп каларын айтат. Убагында маянасы жогору туристтик компанияда иштеп, радиодогу сүйүктүү жумушу үчүн ал жактан чыгып кеткен...

Маектеш 30 жашта, Таластын кулуну. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

— Расул мырза, кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз?

— Карапайым үй-бүлөдөнмүн. Атам кесиби боюнча гидротехник, апам — эсепчи. Кайсы сапатыңды баса белгилейсиң десе, боорукерлигимди айтам. Үйүмдөгүлөр бизди боорукер жана берешен болууга бөтөнчө тарбиялады. Анан абдан эрке өсүпмүн. Болбосо үйдүн ортончусумун, эжем жана иним бар. Эркелейт десе, тигини-муну алып бер эмес, ата-энемдин мээриминде, кучагында чоңойдум. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРасул Багышбаев "Ала-Тоо 24" каналынын диктору жана Биринчи радиодо аналитикалык программанын алып баруучусу
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Расул Багышбаев "Ала-Тоо 24" каналынын диктору жана Биринчи радиодо аналитикалык программанын алып баруучусу

— Окууну бүткөндөн кийин кайсы жакка тапшырдыңыз?

Алып баруучу Зуля Тургунбекова - Sputnik Кыргызстан
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги
— Башында Кыргыз-орус славян университетине өткөм. Ал ортодо эжем кытай тили дүйнөдөгү эң керектүү тилдердин бири экенин айтып, Бишкек гуманитардык университетине тапшырттырды. Ал жакта туура эки жума окудум. Күнүгө эртең менен университетке жетпей эжемдин үйүнөн түшүп калып, ага "окубайм" деп барам. Эжем абдан көндүрүүгө аракет кылып жүрдү. 15-күнү ректорго арыз жазып, ошол эле университеттин европа маданияты факультетине которулуп алдым. Кытай тилин үйрөнүүгө каалоом болбой койду.

Азыр англис, немец, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйм. Ошондой эле боордош элдин тилдерин жакшы түшүнөм. Учурда журналистикадан тышкары котормочулук менен да алектенем. Текст түрүндө дагы, синхрондук котормону дагы жөндөй алам.

— Кытай тилин чанып кеткениңиз үчүн өкүнбөйсүзбү?

—Турмушта зарыл болуп калган учурлар кездешти. Чыдап окуп алсам болмок дедим. Эжем көрөгөч, айткандары дал келди. Бир ирет кыргыздар менен италиялыктардын тоюн алып баруу сунушу түшүп, мен англис тилинде сүйлөрүмдү айттым. Бирок ага карабастан итальян тилинде күнүмдүк сөздөрдү жаттап алышым зарыл деп 12 сааттын ичинде 56 сөз үйрөндүм. Мындан улам европа тилин үйрөнүүгө мүмкүн экен деп калдым. Ал эми кытай тилин жогорку окуу жайдан эле окубасаң, курстан же өз алдынча алып кетүү кыйын. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор убагында кытай тилин чанып кеткен. Анткен менен англис, немец, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Диктор убагында кытай тилин чанып кеткен. Анткен менен англис, немец, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт

— Кесибиңиз такыр башка турбайбы, журналистикага кандайча аралашып калдыңыз?

— Экинчи курста окуп жүргөндө биздин университетке голландиялык туристтик компаниянын КРдеги өкүлчүлүгү гид-котормочуларды издеп келди. Жалпы курстан алты кыз, эки баланы тандап алышты. Арасында мен да бармын. Абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду. Иш жүзүндө чет тилибизди тереңдетип, эл-жер көрүп, жакшы акча да таап жаттык.

2009-жылы май айында КТРКнын "Миң кыял FM" радиосуна бардым. Ал жактагылар менин терминдерди такалбай окуганыма, текст жазганыма жана үнүмө карашты окшойт. Радиого да кошумча кирип алдым. Жумуш күн сайын кызыктуу болуп, өзүнө тарта берди. Туристтик компаниядагы маянасы жогору жумушумду таштап, радиого өтүп кеттим. Жемелегендер көп болду, башында өзүм да кыйналып жүрдүм.

Радиодо эң жакшы күндөр өттү. 20га чыга элек курч кезим. Окуудан чыкканда үйгө да барбай, тамак да ичпей жумушка жөнөчүмүн. Иш түндө бүткөндө ошол жакта уктап калган күндөрүм болду. Жаныма сүлгү, жуунчу каражаттарды салып алгам. Кесиптештер "оокат-кечек алып келип, офистин бир бурчун бөлмө кылып албайсыңбы" деп тамашалап калышчу. Сегиз жылдан ашык иштегенден кийин, тагыраагы, 2017-жылы августта радиодон кеттим. 

© Фото / Алишер АлиевМага үналгыда жүргөндө эле "Ала-Тоо" программасынан дикторлуктан өзүңдү сынап көр деп айткандар болгон
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Мага үналгыда жүргөндө эле "Ала-Тоо" программасынан дикторлуктан өзүңдү сынап көр деп айткандар болгон

— Радиодо жүрүп телеберүүгө өтүү кыйын болдубу?

Алып баруучу Нуркыз Караева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн
— Үналгыда жүргөндө эле "Ала-Тоо" программасынан дикторлуктан өзүңдү сынап көр деп айткандар болгон. Бул нерсе КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков келгенде ишке ашты. Ал дагы мени байкап жүрүптүр. 2015-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата бир катар ЖМКлар эстафета менен ыр окушкан. Бизге кезек келгенде, мен да окудум. Ал ортодо Анталиядагы журналисттердин семинарына кеттим. Кайтып келгенде кесиптештер, анын ичинен Илим Майрамбекович көгүлтүр экранга чыгышым керектигин айтты. Эсимде, жетекчибиз залда өтүп баратып, "видеодо ыр окуган ди-джей сизби?" деп сураган. Диктор болууга каалоом да бар эле, сунуштан баш тарткан жокмун.

Бирок "Миң кыял FM" радиосунан дароо кетпей, эки жакта тең кошумча иштеп жаттым. Бир аз убакыттан кийин Биринчи радиодон аналитикалык берүүлөрдү алып бара баштадым. Ошентип башымда үч жумуш болду.

Көбү көңүл ачуучу программаны да алып барып, олуттуу дикторлукту дагы аркалаганың туура эмес дегендей пикирин айтышты. Мен маркум кесиптешибиз Исмаил Мамытовду баалайм. Ал көп кырдуу талант эле. Көңүл ачуучу берүүнү, той-кечени, ошол эле учурда олуттуу, саясий темаларды да алып бара алчу. Адамда каалоо болсо, бардыгын жасай алат деп ойлойм. 

© Фото / Алмаз ЖусуповМен башынан эле "р" жана "ж" тамгаларын басып окуйм. Буга чет тилдер факультетинде окуганым себеп болсо керек.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Мен башынан эле "р" жана "ж" тамгаларын басып окуйм. Буга чет тилдер факультетинде окуганым себеп болсо керек.

— Бирок азыр сиз "Миң кыял FM" радиосунда иштебей калдыңыз да?

— Ооба, диктор болгондон кийин бир жарым жылдан соң ди-джейликтен кеттим. Негизи ал жакта жетекчи алмашкандан кийин кесиптештерим да кетип, өзүм эле калгам. Экинчиден, убакыт абдан тар болду. Таң атпай беште туруп ишке камынып, алтыдан жетиге чейин Биринчи радиодо аналитикалык берүүнү алып барам, 8:40тан тарта "Ала-Тоо" каналында иштейм дагы, кечинде чыгып "Миң кыял FM" радиосуна барам. Иштен түнкү бирлерде чыгып, мен уктагыча эки болот. Ошентип суткасына 2-3 саат эле уктап калгам, кыйналгандыктан денем титиреп кетчү. Көзү-башым ооруп, ден соолугум начарлап жатканын байкадым. Анан ди-джейликти таштоого туура келди.

— Бирок сиз элге ди-джей болуп жүргөндө көбүрөөк таанылдыңыз окшойт?

— Мени айрымдары ди-джей болгонумду билишпейт экен. Бир жолу Биринчи радиодогу аналитикалык берүүмдү уккан ИИМдин маалымат катчысы "сиз теледен тышкары радиодо дагы иштейт турбайсызбы" дейт. Мен учурда социалдык жана саясий чөйрөдө таанылып келе жатам деп ойлойм.

Ал эми радиодогу көңүл ачуучу программанын күйөрмандары — жаштар. Ал жактагы аудиториям таптакыр башка болчу. Музыка уккандар адатта жаңылык деле окубайт. 

© Фото / Алишер Алиев Кайрымдуулук — адамдагы эң жакшы сапаттардын бири. Мен унаада болсом дагы аварийканы күйгүзүп коюп, жолдо кайыр сурагандарга акча берип өтөм.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук — адамдагы эң жакшы сапаттардын бири. Мен унаада болсом дагы аварийканы күйгүзүп коюп, жолдо кайыр сурагандарга акча берип өтөм.

— Радиодо сизди Расул Мырзатегин деп таанычу элек, анан теледен Багышбаев болдуңуз. Кайсынысы өзүңүздүн фамилияңыз?

— Багышбаев. Радиодо көбү өзүнүн фамилиясы менен чыкпайт. Мен башында жетекчилерге Алтымышбай уулу, Токтосунов деп чыгайын десем болбой коюшту. Расул мырза дейин десем, ал кезде Алтын мырза, Чыңгыз Мырзаев аттуу алып баруучулар бар эле. Анан ойлонуп отуруп Мырзатегинге токтолдук.

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Жаңылык окуп жатып кайсы бир окуя үчүн көзүңүзгө жаш алгансызбы?

— Дача-СУдагы кырсыкты эч качан унутпайм. Башында жабыркагандар жок деп окуп жатканбыз. Андан кийин наристе чарчады дегенди угуп дене боюм титиреди. Улам бир жүрөк үшүн алган маалыматтар чыгып жатты. Суук кабарды жеткирүүдө абдан кыйналып, кээ бир жерден үнүм мукактанып кетти. Муну байкаган редакторубуз "эмне болуп окуп жатасыңар" деп айтканы эсимде. Ар бир маалыматты жүрөгүңөн өткөрүп окуу керек деп ойлойм.

— Социалдык тармактан дикторлор эфирден кийин үстү кычыраган костюм, асты чолок шым болгон сүрөттөрүн тамашалап жүктөп калышат. Сиз дагы ушинтип көрдүңүз беле?

— "Ала-Тоо 24" каналы өзүнчө кеңсеге көчкөнүнө үч жыл болду. Мурда КТРКнын негизги кеңсесинде иштегенде жада калса спорттук бут кийим менен киргизишчү эмес. Азыр бир аз ээн-эркин болуп калдык (күлүп). Биз деле кээде үстүбүздү эле кычыратып чыгабыз. Анан эфирдеги столдун астында эмне бар дешет. Кадимкидей эле чай иче турчу кружка, чайнектерибиз бар...

© Фото / Алишер Алиев Былтыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору сыяктуу ири иш-чараларды алып барганыма кубанам.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Былтыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору сыяктуу ири иш-чараларды алып барганыма кубанам.

— Өзүңүздү келишимдүүмүн деп эсептейсизби?

— Жок. Жылдыздуу болсом керек. 

— Теледе кийинүү, сүйлөө стилиңизди таба алдыңызбы?

— Диктор болуп иштегенден кийин жарым жылдан соң Түркиядагы TRT Avaz каналына стажировкага кеттим. Ал жактагы алып баруучулардын костюмунун төшүнө жүз аарчы салып чыгышканын көрдүм. Мен элдин көңүлү сенин кийген кийимиңе, жүзүңө эмес, жаңылык алып барганыңа бурулушу керек деген пикирге кошула албайм. Адамда бардык нерсе төп келишип турушу керек. Анан Түркиядан келгенде мен дагы костюмдун төшүнө жүз аарчыларды салып чыга баштадым. Бул нерсени байкап, сын-пикирин айткан эже-агайлар болду.

Бир ирет белгилүү алып баруучу Байма Сутенова эже "сен аябай сүрдүү көрүнөсүң, бир аз жылмай, жаңылык окуп жатканда ата-энеңдин мээримин эстеп койсоң" деп кеңеш берген. Анан маалымат окуп жатып жылмайсам, "сага көп жарашпайт экен" деп айткандар да болду. Айтор, ар кандай пикирлер бар.

— Бул жеке эле менин пикирим болбосо керек, айрым учурда "Р" тамгасын басып окугандай туюласыз.

— Ооба, көбү айтат. Башынан эле "р" жана "ж" тамгаларын басып окуйм. Буга чет тилдер факультетинде окуганым себеп болсо керек. Дагы бир нерсе таасир эткен жайы бар. Жаңы иштеп жатканда Гүлшайыр Садыбакасовадан маек алып жатсам, "Кыз бурак" тобуна кыздарды тандап жатканда "р" тамгасын кандай айтарына көңүл бурам" деди эле. 

© Фото / предоставлено Расулом БагышбаевымТаласка барганда тамашалап, "аким болгондо бул жакты, тиги жакты оңдойм" деп калам. Кээде өзүмдү аким сыяктуу айылдагы кызматтардан элестетем.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Таласка барганда тамашалап, "аким болгондо бул жакты, тиги жакты оңдойм" деп калам. Кээде өзүмдү аким сыяктуу айылдагы кызматтардан элестетем.

— Телерадиодогу жумушуңуздан сырткары кайсы иш-чараны алып барганыңыз үчүн сыймыктанасыз?

— Былтыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору сыяктуу ири иш-чараларды алып барганыма кубанам. Ошондой эле саммиттерде, мамлекет башчыларынын жолугушуусунда, бизнес-форумдарда модераторлукту аркалаганыма сыймыктанам.

— Facebook баракчаңыздан кайрымдуулук постторду, социалдык жардамдарды көп бөлүшөрүңүздү байкадым. Бул жогоруда өзүңүз айтып кеткен боорукерлигиңизден болсо керек?

Телеведущая, диктор Айдай Самиева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Самиева: жер титирегенде башыма шып түшсө да мейли деп отура бердим
— Кайрымдуулук — адамдагы эң жакшы сапаттардын бири. Мен унаада болсом дагы аварийканы күйгүзүп коюп, жолдо кайыр сурагандарга акча берип өтөм. Социалдык тармакта операцияга ири суммада акча керек дегендерге акчалай жардам бере албасам дагы, постун бөлүшүп турам. Негизи колуман келсе жардам берейин эле дейм.

Менин бир чоң күнөөм бар. Туулган күнүмдү балдар үйүндө тосконду адатка айлантып алгам. Үч-төрт өнөрпозду алып барып ырдатып, балдарга таттуу-тарапа таратам, бирок муну элге жарыялабайм. Былтыр шартка байланыштуу балдарга такыр бара албай калдым. Быйыл, 25-декабрда отуз жашка толом, ошондо сөзсүз барам деп жатам. 

© Фото / Nursan mediaЖубайым албетте кызганат. Сүйүү бар жерде кызганыч да болот.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Жубайым албетте кызганат. Сүйүү бар жерде кызганыч да болот.

— Бир ирет ич тардык тууралуу пост жазгансыз. Көкөйүңүзгө тийген окшойт?

— Адам сыртынан күлүп жайнаганы менен көзү чындыкты айтып коёт. Акыркы кезде жашоомдо жетишкендиктер көп болуп жатты. Мен жакын адамдардын көрө албастыгын байкагандай болдум. Бул ой негизи эле жалпы адамдарга айтылган. Бир кишиге багыттаган эмесмин.

— Дикторлуктан тышкары алектенген нерсеңиз барбы?

— 2015-жылы той-топурда иштеп турганда жылкы сатып алгам, азыр көбөйүп калды. Таласта багылууда. Өзүм мал-жанга жакынмын. Кудай буюрса, жакынкы жылдары айылга чоң сарай салып, мал менен ишкерлик кылсамбы деген пландар бар.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Учурда Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан билимимди тереңдетип жатам. Келечекте чоң саясатка барам деп айта албайм. Мен элдин көйгөйүн элеттен көрөм. Таласка барганда тамашалап, "аким болгондо бул жакты, тиги жакты оңдойм" деп калам. Кээде өзүмдү аким сыяктуу айылдагы кызматтардан элестетем. 

© Фото / из личного архива Расула БагышбаеваӨмүрлүк жарым менен эки уулду тарбиялап жатабыз.
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар... - Sputnik Кыргызстан
Өмүрлүк жарым менен эки уулду тарбиялап жатабыз.

— Эл көзүндөгү адамсыз, жубайыңыз кызганабы?

— Албетте кызганат. Сүйүү бар жерде кызганыч да болот, бирок жубайым менин кесибимди түшүнүү менен карайт. Учурда эки уулду тарбиялап жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0