Мөңгүлөрдү эритпей сактап калуу мүмкүн эмес. Бул табигый көрүнүш. Мындай пикирин Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, өлкө аймагында ачык, көрүнүп жаткан мөңгүлөр гана иликтөөгө алынган. Чаң басып калып, байкалбай жаткан түрлөрү да кезигет.
"Кыргыз Тянь-Шаны жана Памир Алай мөңгүлөрүн изилдөө иштери мындан 50-60 жыл мурда башталган. Анда мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8009 чакырымды ээлеп, көлөмү 494 чакырым кубга жеткен. 2000-жылы окумуштуу Валерий Кузьмиченоктун математикалык жана картографиялык моделинде ушул эле мөңгүлөрдүн аянты 6200 чакырымды, ал эми көлөмү 417 чакырым кубду түзөрү белгиленген. Мөңгүлөрдүн азайышы боюнча үчүнчү улуттук билдирүүнү биз 2010-жылы алдык. Анда алар 390 чакырым кубга азайгандыгы айтылат. Ал эми кытай окумуштууларынын маалыматында жалпы Тянь-Шандагы мөңгүлөр баштапкы абалынан учурда 17 пайызга кичирейгендиги кабарланат. Булардын азаюусу, эриши же кичирейиши — табигый көрүнүш. Азырынча аны сактап калуу адам колунан келбей турган иш", — деди Сатылканов.
Окумуштуу мөңгүлөрдүн эришине күндүн жылдан-жылга ысышы жана токойлордун өтө тездик менен азайып жатышы биринчи себеп экенин кошумчалады.