Иш-чара 16-июлда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.
Августта көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде аялдар жана эркектер арасында бильярд боюнча "Эркин пирамида" деп аталган Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Иш-чара Евразиялык экономикалык биримдиктин келишиминин кол коюлушунун беш жылдыгына арналган.
Чемпионатты Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясы менен өкмөттүн алдындагы Евразиялык экономикалык комиссия уюштуруп жатат.
Видео көпүрөнүн катышуучулары иш-чаранын уюштурулушу жана ага көрүлгөн даярдык боюнча айтып беришет.
Бишкектен катыша тургандар:
Ишенбек Жакыпбекович ЖАКЫПБЕКОВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын вице-президенти;
Каныбек Калыгулович САГЫНБАЕВ — бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону;
Кишиневдон катыша тургандар:
Сергей Петрович САПИГОРА — Молдованын Бильярд боюнча федерациясынын төрагасынын орун басары;
Минскиден катыша тургандар:
Юрий Николаевич ЧЕРВАНЕВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын калыстар коллегиясынын башчысы;
Москвадан катышкандар:
Данияр ТУРУСБЕКОВ — ЕЭКтин Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору;
Яков ФИРСОВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын башкы катчысы жана аткаруучу директору;
Сергей КРЫЖАНОВСКИЙ — бильярддын эркин пирамида түрү боюнча учурдагы чемпиону.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.