Эркек баланы сүннөткө отургузуу керектиги айтылып келет. Бул нерсени баланын кайсы курагында жасатса жакшы, сүннөткө отурбаган адамды кандай оорулар тоорушу ыктымал? Ушул жана башка керектүү суроолорго Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери Бакыт Жданов жооп берди.
— Сизге балдарын отургузууга көп ата-эне барарын угуп калабыз. Бир күндө канча баланы кабыл аласыз?
— Ар кандай. Кыргыздарда негизи жазында, анан күзүндө отургузабыз деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол мезгилдерде бул маселе менен күнүнө 20-30дан бала келет. Биздин ооруканада мен эле эмес, башка да хирургдар бар, алар дагы бала отургузат.
— Кышында же жайында отургузса болбойбу? Эмне себептен эл ичинде мындай түшүнүк калыптанып калган?
— Медицинада жазында же күзүндө деген эреже жок. Болгону жаз, күз мезгилдери салкын болот эмеспи, ошого карашса керек.
— Уулумду дарыгерлер наркоз бербей эле отургузуп коюшканын билем. Аябай ыйлап, кыйналган. Негизи наркоз берилип же убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылабы?
— Биздин ооруканада көбүнчө убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылат. Башкача айтканда, үрптү ала турган жерге эле ийне сайып коёбуз. Жалпы наркоз өтө коркок, ыйлаак гана балдарга берилет. Негизи бөбөктөрдүн 95 пайызына уктатпай эле жасайбыз.
— Баланы канча куракта отургузуу туура? Айрымдар ымыркай жаңы төрөлгөндө эле үрпүн алдырып салышат экен...
— Эмне үчүн?
— Бир айдан кийин ымыркай эт ала баштайт. Бул учурда аны отургузуу кыйын болуп калат.
— Баланы канчалык эрте отургузса ар кандай жыныстык оорулардан оолак болот деп уктук эле...
— Эрте отургузгандын жакшы жери жараат эрте бүтөт. Жаңы төрөлгөн баланын киндиги кандай тез түшсө, ал да ошондой бат бүтүп калат. Териси да жука болот. Эрте кестирсе ириңдебейт, учу кызарып фимоз, баланопостит деген сыяктуу ар түрдүү илдеттерден оолак болот. Бирок 7-8 жашка чейин кестирсе деле кеч эмес.
— Мурда кайчы, бычак менен эле отургузуп коюшчу эмес беле. Азыр башка аппараттар чыгыптыр. Алардын артыкчылыктары тууралуу айтып бересизби?
— Убагында кайчы, лезвие менен отургузган туура деп эле эсептелчү. Операцияларды деле бычак, скальпель менен жасачубуз да. Азыр электр бычактар чыкты. Аны менен кескенде канын бат токтотуп, баланы бушайман кылбай тез бүтүп калат.
Аны эл ичинде лазер деп коюшат. Ата-энелерге айтып кетерим, азыр бардык аймактарда хирургдар жетиштүү. Колдон келсе ооруканага барып, тажрыйбалуу хирургдарга кайрылгыла демекчимин. Үй шартында отургузгандардын көбү кансырап же жабылып калып кайра келишет.
— Айрымдары ата-энеси балдары кичине кезинде кандайдыр бир себептер менен бул парзын аткара албай калышат экен. Дегеним, чоңоюп калган кишилер деле бул маселе менен кайрылабы?
— Балдардын гигиенасы боюнча да айтып бересизби?
— Негизи баланы отургузганга чейин үрпүн бөлүп-бөлүп акырындан ачып туруш керек. Антпесе анын ичине инфекция толо берип ириңдеп кетиши ыктымал. Айрымдары ыйлайт деп коркуп аны жасабай жүрө беришет. Аябай корксо, дарыгерге алып келсе деле алар ачып берет. Үрпүн ачып турса аны отургузуу да жеңил болот. Ал эми бир айга чейин отургузулган ымыркайлардыкын дароо ачып, этин кесип салат.
— Айрым кичине балдар бат-баттан заара кыла берсе, кээ бири күнү бою заара кылбай жүрө берет. Кээ бир ата-эне "суук тийди" деп койдун майын сүйкөп койгон учурларды да көрүп жүрөбүз. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
— Жалаң эле суук тийгенден бала бат-бат заара кылып калышы мүмкүн эмес. Кээ бири компьютер, телефон көп карагандан ошентсе, айрымдары коркуп, түшүнөн чочуган учурда да тез-тезден ажатканага барып калат. Инфекция киргенде да ошондой белги бериши мүмкүн. Айтор, себебин жөн эле айтып коё албайбыз. Эгер баласы бат-бат заара кылып калса, ата-эне бир сыйра дарыгерге көрсөтүп, текшертип койсо ашыкча болбойт.