Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖара в Москве
Жара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. 1-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градус, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарын аймагында +26…+31 градус ысык болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болот. Ошто абанын температурасы +33…+35 градуска жетсе, Бишкекте +34…+36 градуска көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0