БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп келерки жумадан тарта АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоого убада берди.
"Эмки жумадан тарта АКШнын иммиграциялык-бажы полициясы мыйзамсыз жүргөн миллиондогон чет элдиктерди депортациялап баштайт. Алар АКШнын аймагына мыйзамсыз кирип алышкан. Кандай кирсе, ошондой чыгарылат", — деп жазды Twitter баракчасына Трамп.
Only a few people showed up for the so-called Impeachment rallies over the weekend. The numbers were anemic, no spirit, no hope. More importantly, No Collusion, No Obstruction!
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) 18 июня 2019 г.
Американын бул президенти демократ-атаандаштарын миграцияны көзөмөлдөө ишинде алакан жайып отура берген деген тейде күнөөлөп кетүүнү унутта калтырган эмес.
Президент Дональд Трамптын мыйзамсыз миграцияга каршы экени маалым. Быйылкы жылдын 30-майында ал мыйзамсыз мигранттарынын маселесин чечмейинче Мексикадан кирген товарлардын бажы төлөмүн жогорулата берерин жар салган. Ал эми 15-февралда Трамп түштүк чегиндеги абалдан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бул АКШ менен Мексиканын чек арасында чеп курууга конгресстен кыйгап өтүп каражат алуу үчүн жасаганы айтылган.