00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бөбөк комада. Балыкчыдагы батуттун ээси кырсыктын чоо-жайын айтып берди

© AFP / THOMAS SAMSON Больница Марии Ланнелонге в Париже
Больница Марии Ланнелонге в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хирург-дарыгер кичинекейлердин организми күчтүү болорун, кыздын өмүрүн сактап калганга аракет кылып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарында шамал учурган батуттан жабыркаган үч жашар кыз комада, абалы оор, ага бүгүн операция жасалды. Бул туурасында Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Баястан Абдразаков аймактык кабарчыга билдирди.

Эске салсак, 9-июнь күнү Балыкчыда шамал батутту учуруп кеткен. Сегиз бала жабыркаса, эки бир тууган кичинекей кыздар ооруканага түшкөн.

Үч жашар бөбөк учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

"Ички органдардын абалын аныктоо максатында бөбөктүн ичине динамикалык байкоо үчүн атайын трубка салып койгонбуз. Эртең менен кан чыгып калыптыр. УЗИден суюктук бар дегенинен операцияга алдык. Бийиктен кулагандыктан ичегилерине доо кеткен. Учурда абалы оор, алган жарааты да абдан көп. Кичинекейлердин организми күчтүү болот. Өмүрүн сактап калганга аракет кылып жатабыз", — деди Абдразаков.

Кырсык туурасында аймактык кабарчыга жабырланган кыздардын чоң атасы Беккул Абдраимов төмөнкү маалыматтарды айтып берди.

Казакстанда шамал батутту учуруп балдарды басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда шамал батутту учуруп, балдарды басып калды. Видео
"Үч неберем эшикке чыкканына 15 мүнөттөй болгондо кырсыктаптыр. Бир жолу шамал өтүп кеткен. Ошол батутту аңтарып барып, чапкан экен. Неберелерим цементке тийиптир. Даярдоо классына барган улуураагынын оң буту чорт сынып кеткен. Кичүүсү минтип комада жатат. Укканыма караганда, ошол жердеги жашоочулар батут боюнча мэрияга кат жолдогон экен", — деди кыздардын чоң атасы.

Азырынча батуттун ээсине карата арыз жазыла элек.

Ооруканадан кырсыктуу батуттун ээси делген Бактыгүл Асанкуловага жолугуп, окуянын чоо-жайын сурадык.

Ал батутту Ысык-Көлдүн жээгинде тигилген боз үйдүн жанына орнотуу максатында алгандыгын айтып берди.

"Батутту элдин баары иштетет экен, мен деле ошол ой менен алып келгем. Буга чейин 1-июнда мэриянын суроосу менен жетим балдар үчүн тигип бергем. Айт күнү да коюп бергем. Ушул эле балдар ойногон. Көлдүн жээгинде боз үйүбүз бар. 10-июнда ошол жерге алып барып коеюн дегем. Уулум эртең менен тигип, тазалап жаткан. Бала деген бала да, ойнойбуз дегенде киргизиптир. Анан эле шамал болуп, көтөрүп салды. Өзүнүн бийиктиги 15 метр, шамал учуруп, көтөрүлүп барып кырынан туруп калды. Азыр батутту уккум да келбейт", — деди Асанкулова.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнөн бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышты.

"Тиешелүү экспертиза дайындалды. Экотехинспекцияга бердик, ошонун жыйынтыгы менен ээсине чара колдонулат", — дешти аталган органдан.

Кыргызстанда кичинекейлердин батуттан, аттракциондон кулаган учурлары улам арбыныраак кездешүүдө. 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы аттракциондордун биринен 14 жаштагы кыз 7 метр бийиктиктен кулаган

Жаңылыктар түрмөгү
0