Атамбаев Райым Матраимов менен качан кантип таанышканын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Форум" имаратынын алдында КСДПнын митинги өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Райым Матраимовду өмүрүмдө бир эле жолу көргөм. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев "Коррупцияга каршы реалдуу күрөш" деп аталган митингде айтты.

Эскерте кетсек, ушу тапта "Форум" имаратынын алдында Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын "Коррупцияга каршы реалдуу күрөш" деп аталган митинги өтүп жатат.

"Райым Матраимовду өмүрүмдө бир эле жолу көрдүм. 2010-жылы Курсан Асановдун үйүнөн кезиккенбиз. Ал учурда Июнь окуясы эле. Азыр "кантип эле Атамбаев Матраимовдор тууралуу билбей калды" деген сөздөр айтылып жатпайбы. Мен УКМКга ишенгем. 2013-2016-жылдардын аралыгында мага Матраимов боюнча бир да билдирүү келген эмес. "Бийликке умтулуп жатат" дешүүдө. Мен бийликте калгым келсе, 2016-жылы эле калып калмакмын. Алты жылда чарчадым. Президент болуп келгенде мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 2000 сом болчу, армия жок эле. Ошонун баары жолго коюлду да. Жаштар иштесин деген оюм бар эле, алар өлкөнү көтөрмөк да", — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, акыркы учурда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун ишмердүүлүгү боюнча бир катар сын-пикирлер айтылып, иликтөөлөр ачыкка чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0