00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан Орозо айтты эмнеге 5-июнда белгилейт? Эки ача ойлорго түшүндүрмө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАйт намаздагы мусулмандар. Архив
Айт намаздагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Сауд Аравия, Түркия жана Россияда Орозо айт майрамы белгиленип жатканы маалым болду. Ал эми кыргызстандыктар эртеңден тарта ооз ачат. Кыргызстандын аалымдары ортодогу айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кечээ кечинде айрымдар "Сауд Аравияда ай көрүнүптүр, орозо бүттү" деп социалдык тармактан тарата баштаган. Бирок муфтият мурда жарыялаган билдирүүсүн гана карманып, айт 5-июнда болорун дагы бир ирет эскертти. Мындан улам эки анжы ойго кептелгендер болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Орозо айтты белгилөөдөгү айырмачылыктар боюнча аалымдардын түшүндүрмөсүн укту.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Анын айтымында, айт 5-июнда бир эле Кыргызстанда эмес, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде да белгиленет.

"Бүгүн, 4-июнь, орозонун акыркы күнү, бизде 30 күн кармалат. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбаңыздар! Күнөөкөр болбогула! Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы бул боюнча жоопкерчиликти мойнуна алат", — деген билдирүү таратты муфтий.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от muftiyat.kg_official (@muftiyat.kg)

Ал эми муфтийдин орун басары Замир Ракиев бүгүн дүйнөдөгү саналуу мамлекеттер гана айттап жатканын белгиледи.

"Мындай маселе жылда эле жаралып турат. Бирок бүгүн дүйнөдөгү мусулмандардын 80-90 пайызынын оозу бек. Кыргызстандагы айтты бир эле адам белгилеп койгон жок. Орто Азиянын аалымдары кеңешип, башка өлкөлөргө да карап болжолдуу 5-июнга койгонбуз. Кечээ Сауд Аравияда ай көрүндү деп чыгышты. Биздин өлкө тоолуу болгону үчүн айды жаңырган күнү көрө албайбыз. Ал эки-үч мүнөт көрүнүп кирип кетет. Негизи "аракет кылып жаңылсаң бир сооп, аракет кылып туура тапсаң эки сооп аласың" дейт. Биз ушул күнгө токтолгонбуз, демек, кыжалат болууга негиз жок. Ал эми бүгүн оозун ачып алгандарга Кудай сабыр берсин! Ар бир пенде өз өлкөсүнүн аалымдарына баш ийиши керек", — деди Ракиев.

Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин пикири YouTube каналына жайгаштырылган.

"Айды араб өлкөлөрүнөн бир эле Саудия көрүптүр. Биз аларды ээрчишибиз милдет эмес, бизден аябай эле алыста жайгашкан. Китептерде жөө жүргөндө бир айлык жол болсо ээрчисек болмок. Сауд Аравиясына жөө барсак бир нече айлап барабыз да. Мамлекеттердин ортосунда бир күндүк айырма эзелтен эле болуп келген. Жада калса Мадина менен Дамаск шаарында да айырма болгон", — деп айткан Кадырбердиев.

Кыргызстанда орозо 6-майда башталган. Буга чейин муфтият борбор калаада окулчу айт намаздын программасын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0