Кыргызстандагы мыйзам бузган телеканалдарга кандай чара көрүлөт

© Sputnik / Артём Коренюк / Медиабанкка өтүүПереход с аналогового на цифровое телевещание
Переход с аналогового на цифровое телевещание  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр мыйзамды аткарып жаткан телеканалдарды тескөө оор. Бул үчүн мониторинг жүргүзүүчү атайын борбор керек.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы ондон ашык телеканалдар лицензиялык талапты аткарбаганы үчүн айыпка жыгылышы ыктымал. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин укуктук камсыздоо, лицензиялык көзөмөл жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Кыял Кенжематова билдирди.

Аталган тема боюнча Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстандагы телеканалдар ишин токтотушу мүмкүнбү? Телевидениедеги олуттуу абал жөнүндө" аттуу тегерек стол өттү.

Кенжематованын айтымында, айрым телеканалдар мыйзамдын талаптарын аткарабыз деп сөз бергени менен аны ушу күнгө чейин бузуп келет.

"Азырынча бир дагы телеканал белгиленген эрежелерди бузганы үчүн айыпка жыгыла элек. Бирок азыр кайтадан мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер лицензиянын талаптарын аткарбаса, ондон ашык телеканалга айып салынышы ыктымал. Юридикалык жактарга 23 миң сом салынса, жеке жактарга жети миң сом каралган", — деди ал.

Белгилей кетсек, 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, каналдан көрсөтүлгөн контенттин жарымы мамлекеттик тилде болуп, жергиликтүү продукция 50 пайыздан кем болбошу керек. Бирок бул талапты аткарууга бардык эле телеканалдын чамасы жетпейт.

Чүй облусундагы Бурана муранасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соолук, капана, жээнчоро, байса... Чүйгө барганда сөз таппай убара тартпаңыз
Кенжематова, андан сырткары, Маалымат жана массалык коммуникация департаменти лицензиялык талаптын аткарылышын кол менен текшерүүгө аргасыз экенин кошумчалады.

"Атамекендик каналдарда көрсөтүүлөрүн мониторингге ала турчу автоматташтырылган борбор жок. Тилекке каршы, алардын бардыгын кол менен текшерип чыгуу керек. Ага бизде ресурс жок. Бирок колдон келген ишти аткарып жатабыз. Келечекте мониторинг борборун түзүү боюнча каражат табуу пландалууда", — деди ал.

Өз кезегинде атамекендик каналдардын башчылары мыйзамдын талабын аткаруу үчүн эмнеге телевидениелердин эфирин көзөмөлдөө үчүн каражат каралбаганына кызыгышты.

"НТС" каналынын башкы директору Миржан Балыбаев Кыргызстанда кабыл алынган айрым мыйзамдар иш жүзүндө иштебей турганын айтты.

"Айрым телеканалдар эртеден кечке пираттык жол менен алынган кинолорду көрсөтүшүүдө. Жыйынтыгында эреже аткарылбай жатат. Анткени мониторинг борборун түзүү үчүн болбогон 2 миллион сом жок", — деди Балыбаев.

Селкинчек ойноп жаткан кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жат жазуудан бул каталарды кетирбейсизби? Тест
"Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников мамлекеттик органдарды бул көйгөйдү чечүүгө чакырды.

"Керектүү акчаны табыш керек. Ал үчүн бул маселени өкмөттүн деңгээлинде көтөрүү керек. Антпесе Кыргызстан чет элдик сериалдардын айынан мамлекеттик идеологиясын жоготуп алышы мүмкүн. Себеби жаңы муун дал ошол сериал менен тарбияланууда", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0