"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Чүй облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарынын диалектисин тизмектегенбиз.
Белгилей кетсек, Чүй говоруна тиешелүү сөздөр 1959-жылы чыккан "Кыргыз тилинин Чүй говору" китебинен алынды.
Жазылоо — чырпыктан согуп жасалган акыр сыяктуу нерсе. Ага чөп, жем салынып, ат байланат;
Жогдоруң — төөнүн чуудасы. "Жогдоруң кырккан нар бекен, жоругуңа сар бекен" деген сөз бар;
Гулун, такай, такый — эшектин баласы;
Дөнөн — алты жашка чыккан кой;
Күч унаа — минүүгө, жүк жүктөөгө, бир нерсе ташууга жарактуу кара мал (уй, жылкы, төө);
Соолук — үч жашка чыккан ургаачы кой;
Төгөрөк — койдун төрт тиштүүсү;
Чар — 4-5 жаштагы эркек кой;
Шишек — эки же үч тиштүү койлор;
Шүдүңкүт — жалпысынан жүгүрүк, күлүк деген мааниде;
Жээнчер, жээнчоро — жээндин баласынын баласы;
Тогончор, тоончор — жээндин баласы;
Тоңбек — тогончордун баласы;
Кожо көйнөк, күрмө көйнөк — абышкалардын жакасы ачык узун көйнөгү;
Чермий, чермай, чыптама, көкүрөкчө — көйнөктүн тышынан, жалаң кабат тыш кийимдердин ичинен кие турган аялдарга тиешелүү кийим;
Чөөлү, депкир, кепкир, сүзгүч — күлчө, боорсок жана башка тамактарды сузуп ала турчу ашкана буюмдары;
Шише — бөтөлкө маанисинде, бирок сейрек колдонулат;
Жапкан нан — казанга жаап бышырылган нан;
Калама, катырма, таптама — казанга бышырылган жука нан;
Бал — шалы жана пияз айдалган жер;
Бороз — дарбыз, помидор, картошка сыяктуу бакча өсүмдүктөрүнүн айдоосундагы ичке арык. Жергиликтүү элдин айтуусунда бороз эгинге салынбайт;
Жал — чабылган чөптү боолаганга чейин тестелеп жал-жал кыйып коюу;
Жол — чөптү чапкандагы чабындынын аралыгы. "Чөптү чапканда бир жол жүрдүм, эки жол жүрдүм" дейт;
Капана, капала — чабылган беде же чөптү боолаш үчүн даярдап, ар кайсы жерге жыйнап коюу;
Көтөрмө — ой жерге топурак жаткырып, дөңчө кылып көтөрүп, андан суу агызса көтөрмө делет;
Ач ичеги — малдын ичке ичегиси;
Буйлачык — эки муруттун ортосундагы чуңкур;
Доңго — аттын бутуна чалчык жана башка нерсе туруп калса доңго дейт;
Конок алуу — тойго чакырылып милдеттүү түрдө келген конокторду бөлүп-бөлүп күтүп алуу;
Коргон — мүрзөнү тегеректеп коюлган дубал;
Куй — тоо болуп туруп анын этеги кокту-кокту болуп тарап кетсе, ал куй делет;
Момо — калама маанисинде. Бул сөз жергиликтүү тургундарга коңшулаш жашаган дунгандардан оошу ыктымал;
Мажыгүн — дүйнөнүн ырахатын көрбөгөн, ичкен-жегендин маанисин билбеген, түшүнүгү жогураак маанисинде;
Соорунчу — ашка чакырылган конок;
Мөөзүл — шыбага, ага таандык, үлүш деген мааниде;
Балаган, көлөкө, сайа — атайын жасалган көлөкөлүү жай.