БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.
Былтыр Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнгө туура келген.
Ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалын Sputnik Кыргызстан даярдаган календардан карасаңыз болот.
Ал эми Кадыр түндө эмнелерди жасоого болбой турганын алдын ала билип алыңыз.