БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды
![Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/92/1044449210_0:0:688:918_600x0_80_0_0_74a357e7515d117876ce647f17a1674b.jpg)
Бишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Милицияга арыз менен жабырлануучунун тууганы кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 20-майында саат 23.40тар чамасында бейтааныш киши анын 1996-жылкы тууганын күч колдонуу менен унаасына отургузуп, колуна кишен салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген.
"Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүү катары 1993-жылкы О.Б. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучунун абалы тууралуу айтылган жок. Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынды.