"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында 30дан ашкыча бир дагы кыз менен туруктуу мамиле кура албаган жигиттин каты жарыяланды.
...Жашым 31де, үйлөнө элекмин. Үйлөнгөндү мындай кой, бир дагы кыз менен кыз-жигит болуп, туруктуу мамиле кура алган жокмун. Жок, ырайым суук же жүдөгөн бирөө эмесмин. Иштеген ишим, үйүм, жашоомо кенен жеткен айлыгым бар. Өзүм шайырмын, эл менен бат тил табышам. Бирок акыркы кезде өзүмө жакпай жүргөн бир адатым бар.
Ал экөөбүз бир айга чукул жакшы эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир күнү өзү Ысык-Көлгө барып келбейлиби деп сунуштады. Июль айы эле, эч нерсени ойлонбой Чолпон-Атага кетип калдык. Кыз-жигит болгондон кийин бир бөлмө алып, чогуу түнөдүк. Кыскасы, болчу нерсе болду. Болгондо дагы мен анын биринчи эркеги экенмин. Бирок мени бул нерсе дагы токтоткон жок. Эрте туруп Бишкекке кетип калдым. Эки күн кечке телефон чалып, үчүнчү күнү жумушума келди. Эжесин ээрчитип алыптыр. Үчөөбүз сыртка чыктык. Эжеси алгач кыйкырып-өкүрүп жаткан, аягында алдап-соолап тилимди тапканга аракет кыла баштады. Мен кежирленип көп сүйлөбөй, орой жооп берип жаттым. Акыры сиңдисине үйлөнүп, жарытпай турганымды түшүндү окшойт, башын чайкап басып кетти.
Башында бул жоруктарымды эркектик катары көрүп, сыймыктанчумун. Досторум дагы "чыныгы эркексиң" деп көкүтүп коюшчу. Эми жыл өткөн сайын бул жаман адат экенин түшүнө баштадым.
Акыркы учурда көңүлүм тынчыбай, ой басты. Өзүмө-өзүм суроо берип, жообун таба албайм... Бул оору эмеспи? Эмне кылсам болот? Өмүр бою ушинтип тоок сүйүү менен жашап каламбы? Кантип үй-бүлө курам?
Саадат Сыдыкова, психолог:
Бул кырдаалда жигиттин өзү менен көзмө-көз сүйлөшпөй туруп бир беткей кеңеш берүү кыйын. Адамдын мүнөзүн, сапаттарын, жан дүйнөсүн туюп-билип, анан бир жыйынтык чыгаруу оң. Сөзсүз психологго кайрылып көрсүн.