БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-майда Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Патрушев ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына келген.
Жээнбеков Владимир Путиндин жакында эле Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн мамилесин мурдагыдан дагы жакшыртканын белгилеп, Россиянын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле президент коопсуздук жаатында кызматташууну күчөтүү керектигин баса белгиледи.
"Кыргызстанды ЕАЭБге ыңгайлаштыруу максатында Россия тарап бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы техника берилди. Куралдуу күчтөрүбүзгө тик учактар жана атайын техника белек кылынды. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы турууга жардам берип, аймактагы туруктуулукту сактоого өбөлгө түзүүдө", — деди Жээнбеков.
Ал эми Патрушев өлкө башчысын өтүп кеткен Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, "Өлбөс полк" жүрүшү дүйнө элдеринин башын бириктирип жатканын белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргызстан Россияны эл аралык уюмдарда колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.