"Бейшемби күнү көз жарып, дүйшөмбүдө сот залына бардым. Колумдагы ымыркай кызым менен тордун ичинде отуруп соттун өкүмүн уктум. Жети жылга эркимден ажыратышты", — дейт 30 жашар арыкчырай, кара чач келин.
Назира үч жашар кызы менен абакта жазасын өтөөдө. Наристе кайда жашаганын түшүнө бербейт. Апасы кызына бул ушундай бала бакча деп түшүндүргөн.
"Кош бойлуу кезимде кармашты. Адегенде тергөө абагында болдум, ал жакта шарт алда канча начар болчу, бир бөлмөдө он аял, тынбай тамеки тартышат. Мында кызым экөөбүзгө шарт жакшы", — дейт келин.
"Жаңы мыйзам боюнча анын мөөнөтүн 2,5 жылга кыскартышты. Меникин да азайтат деп турам. Үйгө баргым келет... Мында жаман эмес, бир бөлмөдө үч эне балдары менен жашайт. Баары менен камсыздашат, жалаяктан тарта беришет", — деди аял.
Назиранын тун уулу бар, жакында тогузга толот. Балдардын атасы бир дагы жолу акыбал сурап келбеди, өз балдарынын тагдырына кызыгып да койбойт.
Балалуу энелер жашаган бөлүктө жалпы сегиз аял бар. Бала үчкө чыкканча ушул жерде жашашат. Андан соң наристени балдар үйүнө алып кетишет, эне башка айыпкерлердин бөлүгүнө которулат.
Колониянын жашоочулары ушул бөлүккө түшүп, башкалардан оолак болуу үчүн улам төрөй берген аял тууралуу айтып беришти. Бала үчкө толуп, балдар үйүнө жөнөтүлгөндө ал кайрадан боюна бүтүргөн. Айына бир ирет үч күндүк көрүшүүгө уруксат берилет. Ошентип ал жети балалуу болуп, бирин да оңгулуктуу тарбиялаган жок дешет.
Аялдар абагында азыр 320 аял кармалат. Алар төрт кабат үйлөрдө жашайт, ар биринде 80 айыпкер бар. Эч бир терезеде темир тор жок. Эки кабат керебеттер тордолгон көшөгө аркылуу бөлүнгөн.
"Тикенек тордуу мунара турганы эле болбосо, бул жер арзан пансионаттай көрүнөт. Эгер чынын айтсам, мурда "зона" мага аябай коркунучтуу туюлчу", — деди 50 жаштар чамасындагы аял.
"Зона түшүнүктөрү" менен жашоо артта калды дешет айыпкерлер. Кайсы бир убактарда абактагылар "начар" беренелер менен түшкөн аялдарды өздөрү жазалашкан. Балдарды, ата-энелерди өлтүрүү, ошондой эле пенсиялык фонддогу махинациялар ушул түргө кирчү.
Мындай кылмышкерлер абакта азапка батчу, аларга бөлмөнүн эң начар жерлери бөлүнгөн, эң кир иштерди аткарышчу, бирок эң жаманы — эч кими алар менен сүйлөшчү эмес.
Ал убак Замиранын эсинде. Аял 1996-жылы бала уурдап түшкөн.
"Өз кызымды жерге берип, кайгыга алдырып бир кичинекей кызды уурдадым. Үч сааттан соң эсиме келип, баланы кайтарып бердим. Мени ал кыздын алтын сөйкөсүн уурдадың деп айыпташты. 4 жылга эркимден ажырадым. Беренеге карабастан, мени эч ким капа кылган жок, анткени менин абалымды баары түшүнүштү", — деп баяндады ал.
"Эгер сырттан келгендерди жалпы дасторконго койсоң, демек, сыйга ээ болосуң. Айрыкча кант менен кофе бааланат. Бирок алтынга тете болгон "валюта" — белгилүү үлгүдөгү тамеки, көк түстөгүсү. Бир банка кофе төрт куту тамекиге, ал эми кант бир кутуга келет. Тамеки эң мыкты төлөм каражаты, себеби абакка акча киргизүүгө болбойт", — деди айыпкер.
Колонияда соттолгондор бир кесипти өздөштүрүп, акча таба алышат. Мисалы, тажрыйбасына жараша тигүүчүлөр 2 миң сом жана андан жогору алышат. Мында отургандардын колунан чыккан кийимдерди биздин базарлардан көрүүгө болот, ал тургай, мектеп формасын да тигишет. Иш күнү таңкы сегизде башталып, кечки бешке чейин созулат.
Абакта соттолгондордун арасында ашпозчу, бала багуучу, электриктер да бар. Маяналары картага которулат, анткени акча колдонууга болбойт. Жергиликтүү дүкөндө да товарды карызга жазып беришет. Ал жакта баалар да азаттагыдай эле.
Аялдар тышкы дүйнө менен баарлашуу жетишпегенине арман кылышат. Эгер жетекчиликтегилердин бири айыпкерлерден телефон таап калса, эки апта жаза алып, айып изоляторунда кармалат. Ал караңгы, бир кишилик бөлмө.
Баса, аялдар ортосундагы жакын мамилелер да унут калган. Ал эми айыпкерлердин ортосундагы достук — кадыресе көрүнүш. Мында жакын курбулар "нан бөлүшкөндөр" деп аталат. Бул бир дасторкондо отуруп тамак жешет дегенди билдирет.
"Бул жакта жаргон сөздөр аябай арбын, бирок сиздерге айтып коюен, алар уят сөздөр эмес. Башта булар тууралуу китеп жазсамбы деген да ой келген", — дейт айыпкер.
Соттолгондор үчүн эң чоң көйгөй — даараткана менен жуунуучу жай. Негизи ар бир үйдө даараткана бар, бирок канализациянын эскилигинен ал жакка заара кылууга гана барууга болот. Ал эми андан башкасы үчүн эшиктеги дааратканага бир нече мүнөт басууга туура келет.
Жумасына бир жолу аялдар мончого барышат, жылдын жылуу маалында сыртта жайкы душ иштейт. Бул да жетишсиз деп даттанышат аялдар.
Көпчүлүгү зонага түшүү үчүн атайын уурулукка барышат. Анткени алар үй-жайсыз, сууктан чыгуу үчүн баш калкалаар жайы жок. Андай аялдар башкалардын ачылбай калган кылмыштарын да өз мойнуна алышат.
Айыпкер айымдардын көпчүлүгү бир да жолу ашканага келишкен эмес. Алар өздөрү тамак жасап жешет, ар бир үйгө электр меши жана муздаткыч коюлган. Аялдар өз азыктарынын сыртына аттарын жазып коет, бөлөк бирөөнүкүн сурабай алууга таптакыр тыюу салынган.
Маектердин баары купуя алынганы менен бир дагы айыпкер колониянын кызматкерлери тууралуу жаман айтпады.
"Алар кадыресе аялдар. Эгер сен аларга адамгерчилик менен мамиле кылсаң, алар да сага ошондой мамиле жасашат. Бизге бир нерсе жетишпей турса, алар өз үй-бүлөлөрүнүн ырыскысынан, өз үйүнөн алып келишет", — дейт айыпкер.
Аялдар темир тор артына тегин жерден кабылбасы анык. Соттор адатта өтө оор кылмыштар үчүн гана катуу жаза берет. Жасаган кылмышы боюнча айыпкерлер ар кандай пикирде. Көпчүлүгү бирөөлөр бут тосуп, кылмышка кабылтышты деп актанышат. Күнөөсүн мойнуна алганы да жок эмес. Бир тобу биздин камераларды көргөндө жүзүн жашырышты.
Ал жылмайып, курбулары менен бир нерселерди быдылдай сүйлөшүп жатты. Бул кыз дагы көпкө жаза өтөйт, бул жакка киши өлтүрүп түшкөн.
Зумрад Жанабаеванын да маегин бир окуп коюңуз. Ал колонияда беш жыл иштеп, кийин Бишкектин Жол кайгуул кызматын да жетектеген.