Жерибизди басып алышты. "Ош" базарынын жетекчилиги соодагерлерге кине койду

© Sputnik / Эламан КарымшаковМитинг продавцов на территории Ошского рынка
Митинг продавцов на территории Ошского рынка  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базар жетекчилиги соодагерлердин жасаган кадамдарын жеке менчик жерди басып алуу катары сыпаттап жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Ош" базарындагы соодагерлердин ызы-чуусу боюнча "Берекет" жабык акционердик коомунун президенти Индира Абласова комментарий берди.

Ош базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо
Ал соодагерлердин жасаган кадамдарын жеке менчик жерди басып алуу катары сыпаттады.

Эскерте кетсек, азык-түлүк жана айна-самын саткан "Берекет универсал" кичи базарын жаап, соода комплексин куруу пландалууда. Буга соодагерлер караманча каршы болуп, базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы. Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок анын 1 чарчы метри 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом кетет.

"Соодагерлер менен келишим 31-декабрда эле бүткөн. Андан соң базарды бошотуу талабын койсок аткарбай, убактылуу иштеп турушкан. Биз 2010-жылдан бери соода комплексин курууну пландап, соодагерлерди көчүрүүнүн жолун издеп жүргөнбүз. Кийин өрт чыгып кетип, анан ошол жерге курдук. Биз каалоочуларга альтернатива катары ал жактан орун сунуштадык. Биздин ижарачылар үчүн чарчы метри 1-2-кабаттарда 1200-1500 доллар. Башкаларга андан кымбат", — деди Абласова.

Ал эми атайын электр энергиясын өчүрүп, эл өтчү көпүрөнү бузуп салды деген фактыны четке какты.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
"Соодагерлер Махмуд Губайдуллин аттуу кишинин жетеги менен дарбазаны талкалап, менчик базарга кирип жатышат. Электр энергиясын өз алдынча улап алышкан. Мындан улам өрт коопсуздугун сактап светти өчүрдүк. Эт, сүт азыктары бузулуп кетти деп провокация кылып жатышат. Ал эми көпүрөнү аркы тарабында курулуш иштери жүргөндүктөн бузганбыз. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Үчүнчү тараптар аралашып сатуучуларга үмүт берип жатат. Анын таасиринен жеке базарды өз алдынча басып алышты", — деген пикирин билдирди базар жетекчилиги.

Соңунда ал жабыла турган кичи базарда келишим боюнча 790 адам эмгектенерин белгиледи. Ал эми соодагерлер 1500 адам иштей турганын айтышууда.

"Берекет универсал" базары "Берекет" ЖЧКсынын карамагына кирет. Юстиция министрлигинде катталган документ боюнча "Берекет" ЖЧКсынын башкы директору Светлана Загинайло. Ал 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка шайланып, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми "Берекет универсал" базарынын директору Мурат Медельханов деп көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө Эсен Самсыкбаев директордун милдетин аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0