Орозонун так күнү белгилүү болду. Муфтияттын билдирүүсү

Жазылуу
Өлкө аймагындагы мечиттерде 5-майдан баштап тарабих намазы окула баштайт.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Орозо айы 6-майда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Айт намаздары шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу бар. Ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-майда, өлкө аймагындагы мечиттерде тарабих намазы окулуп, мусулмандар 6-май күнү таң эрте ооз бекитет. Мындай чечимди аалымдар кеңеши кабыл алды.

Муфтияттан ошондой эле быйыл дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө да мусулмандардын ыйык айы 6-майда башталаарын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 17-майга туура келип, Орозо айт майрамы 15-июнда белгиленген.

Орозо календары менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0