Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, аталган дарттын учурдагы статистикасы, илдетти аныктоонун жаңы ыкмалары жана жугуу жолдору тууралуу кенен айтып берди.
— ВИЧке кабылгандардын жалпы саны канчага жетти? Бул оору менен күрөшүүдө кандай аракеттер жүрүп жатат?
— 1996-жылдан баштап 2019-жылдын апрель айына чейин ВИЧке кабылгандардын жалпы саны 9010ду түздү, анын ичинен 1952си каза тапты. Жалпысынан 658 бала ушул илдет менен катталса, анын 386сына дарт ооруканада жуккан. Бул оору менен күрөшүүгө мамлекеттен тышкары эл аралык жана бейөкмөт уюмдар дагы жардам берип келет. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу ооруну эрте аныктоо ыкмаларын биринчилерден болуп киргизип келебиз. 2015-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында 2030-жылга чейин ВИЧке чалдыккандардын санын кескин азайтуу аракеттери боюнча резолюция кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн бизге "90, 90 жана 90 пайыз" планы коюлган. Бул ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдү 90 пайыз аныктоо, 90 пайыз дарылоо, үчүнчүсү 90 пайыз дарылоонун натыйжасын текшерип, вирустун өлчөмүн нөлгө чейин азайтуу болуп эсептелинет.
— ВИЧти аныктоо жолдорунда кандай өзгөрүүлөр бар?
— Айрымдар ВИЧ менен СПИДдин айырмасын чаташтырып жүрүшөт.
— Вирустун аталышы — ВИЧ же адамдын иммундук дефицит вирусу. Ал эми СПИД - оорунун акыркы стадиясы, көп оорулардын белгилеринин биригиши дегенди билдирет.
Бул ооруга кабылган адамдын иммунитети алсыз болгондуктан бардык ооруларга туруксуз болуп калат. Мурда-кийинки оорулары козголот. Алгачкы белгилеринде дене табы көтөрүлөт, ичи өтүп, бездери чоңоёт. Бирок вирустун кыймыл-аракетин азайта турган дарылар бар. Алардын жардамы менен вирустардын саны ылдыйлап, иммунитет көтөрүлөт.
— Учурда олуттуу деген илдеттерди дарылоо кымбат жана кыйын. ВИЧ менен күрөшүү канча турат?
— СПИДдин дары-дармектери Кыргызстанда бекер. Анализ чыгаруу дагы акысыз. Эл аралык уюмдар бизге жардам берип турат. Бирок 2-3 жылдан бери алардын дагы каржылоосу кыскарды. Мамлекет дагы чоң жардам берүүдө. 2016-жылдан тарта жыл сайын 20 миллион сомдон бөлөт. Мурда 3 миллион сом берилип, ал майда-барат медициналык керектелүүчү материалга эле жумшалчу. Азыр лабораториялар реактивдер менен толук камсыздалган. Ошондой эле Глобалдык фонд дары каражаттарын бекер берет. Бир дагы оорулуу дарыканага каттабайт.
— Учурда ВИЧтин жугуу жолдорунун кайсынысы сап башына чыкты?
— ВИЧке кабылуунун үч жолу бар деп айтып келебиз. Ийне сайынган баңгилер арасында, жыныстык жол менен жана үчүнчүсү - энеден балага жугуу жолу болуп жатат. Салыштырмалуу айтсак, 2008-жылы жыныстык жол менен дарт жуктургандардын саны 28 пайыз эле. Ал кезде ийне аркылуу жуктуруу 53 пайыз болчу. Учурда, тескерисинче, 61 пайызы жыныстык катнаш менен жуктурса, ал эми ийне аркылуу ооругандар 28 пайыз болуп калды. Эмнеге? Азыр профилактикалык программалар көбүрөөк жүргүзүлүп жатат. Баңгилер ийне ордуна метадонду кабыл алышат. Метадондо баңги каражаттарын ичишет. Ошондуктан баңгилер арасында жугуу жолу азая баштады.
— ВИЧ жыныстык жол аркылуу жугарын баса белгиледик. Бул ооруну алып жүргөндөрдө үй-бүлө куруу кооптуу болсо керек, себеби балага жугушу мүмкүн деп сестенишет...
— ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн энеден төрөлгөн балага илдет өткөн учур өтө аз. Себеби алар каттоодо турганда дары ичип, иммунитетин көтөрүшөт. Бири ВИЧ менен ооруп, экинчиси ден соолугу чың болуп үй-бүлө кургандар көп. Ошондой эле жубайлардын экөө тең илдетти алып жүрүп балалуу болгондор бар. Дары ичкенде баласына ВИЧ жукпайт. Биздин учурдагы эң чоң жетишкендигибиз ушул. Бала тондогу сууну жутуп алганда же энесинин сүтү аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан аялдарга операция жолу менен көз жарып, көп эмизбөөнү сунушташат. Бейтаптар мурда бир гана Республикалык СПИД борборунда дарыланчу. Азыр аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору иш алып барып жатат. Адистерибиз жетиштүү.
— Коомдо оорулууларга карата мамиле өзгөрдүбү?
— Албетте, өзгөрдү. Мурда СПИДди "чума экен" деп коркушчу. Азыр илдетке кабылган адам эл менен аралашып иштей алат, тамактанат, мончого барат, мындан оору жугуп калбайт. Ошентсе дагы бейтаптар арасында коомчулуктан корунган жана дискриминацияга кабылган учурлар бар.