Бүгүнкү күндө акчалуулар автобиографиялык чыгармаларды жазып, китепти окурмандар жазган убакыт келди. Бул тууралуу драматург Бурул Калчабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда басылып чыккан китептердин көбү сынчылардын, цензуранын көзөмөлүнөн өтпөйт. Чыгармалардын басымдуу бөлүгүндө рецензия жок.
"Азыр китепти окурмандар жазган убакыт келди. Ар ким өзүнүн ата-тегин, таржымалын жазып, алардын сүрөттөрүн коюп алып эле автобиографиялык чыгармаларды китеп кылып чыгарып жатышат. Андай китептерде жада калса рецензия жок. Көбү цензуранын, сынчынын көзөмөлүнөн өтпөйт. Мурун цензурадан өтпөгөн чыгарма басмаканага жиберилчү эмес. Азыркы тапта баарын автор өзү көзөмөлдөп калды. Мындан улам саны көп, бирок сапаты жок китептер көбөйүүдө. Мындай көрүнүш жаштардын сабатына терс таасирин тийгизет ", — деди драматург.
Ошондой эле ал учурда маани-маңызы төмөн чыгармалардын айынан коомчулуктун китепке болгон кызыгуусу да солгундап жаткандыгын кошумчалады.