00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдө уран казгысы келген компаниянын таржымалы

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүХимиялык калдыктарыд жок кылуу. Архив
Химиялык калдыктарыд жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундардын бир катары уран кенин иштетүүгө каршы болуп нааразычылыктарын билдирүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги кенди иштеткиси келген UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы тууралуу фактыларды даярдады.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын айрым тургундары Таш-Булактагы уран кенин казууга каршылыгын билдиришүүдө. Жергиликтүү эл буга чейин бир нече жолу митинг өткөрүүгө жетишти. Эл уран кени экологияны бузат деп тынчсызданууда. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундардын бир бөлүгү чалгындоо иштеринин жүрүшүн колдоп жатышат.

Балаклавское месторождение известняка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар
20-апрелде ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп, жергиликтүү эл өз талаптарын айтышты. Комиссиянын курамына профилдик мекемелердин жетекчилери кирген, алар чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын ишмердигин көзөмөлдөйт. Аталган компания Таш-Булактагы уранды иштетүүгө лицензия алуу үчүн документтерин топтоп жатат.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитети маалымдагандай, UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы сунуштап жаткан казып алуу ыкмасы кооптуулук жаратпайт. Башкача айтканда, техникалык суудан башка эч кандай реагенттер колдонулбайт жана уулуу заттар сактала турчу жай курулбайт.

Казып алынган руда кайра иштетүү үчүн Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына темир жол аркылуу атайын контейнерлер менен ташылып келет, андан уран, торий, фосфор, цирконий жана титан-магнетит элементтери алынат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы тууралуу фактыларды даярдады. Маалыматтар Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин жана Юстиция министрлигинин сайтынан алынды.

Компания качан түзүлгөнү тууралуу так маалымат жок, бирок ал 2015-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Мекеме Көк-Мойнок айылында каттоого алынган.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер Бишкектин кайсы аймагында абанын кир жана зыяндуу экенин аныкташты
Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында чет элдиктер да бар, бирок алардын үлүшү канча экени көрсөтүлгөн эмес.

Компаниянын Кызыл-Омпол аймагындагы кенди иштетүү үчүн 2010-жылы алган бир лицензиясы бар.

Ишкананын ошондой эле алты негиздөөчүсү бар. Алардын төртөө жеке жак болсо, экөө юридикалык тарап (Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн тартипте берилди):

  • Azarga Resources Limited компаниясы ("Азарга Ресурсез Лимитед");
  • Казакбаев Эркинбек Абдыкаирович;
  • Urasia Mining Company ЖЧКсы ("Юразия Майнинг Компани");
  • Аширалиева Эльвира Аскеровна;
  • Касенов Дюйшеналы Рахимович;
  • Менг Светлана Владимировна.

Жетекчиси Светлана Менг, ал негиздөөчүлөрдүн бири.

Azarga Resources Limited ("Азарга Ресурсез Лимитед") компаниясы америкалык Azarga Uranium Corp. ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат.

Urasia Mining Company ЖЧКсынын ("Юразия Майнинг Компани") курамында чет элдиктер жок. Жетекчиси жана негиздөөчүсү Абдылдаев Нурлан Мелисович. 2018-жылы компания кайрадан каттоодон өткөн, жаратылыш минералдарын жана тоо-кендерин казууга ыңгайлашкан.

Абдылдаев дагы төрт компаниянын жетекчиси, алардын экөөнүн негиздөөчүлөрүнүн катарына кирет. Түрдүү тармакта иш алып барат, анын ичинде курулуш жана кыймылсыз мүлк да бар.

Загрязнения экологии близ озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Экологияны курутуп жаткан көйгөйлөр. Ысык-Көлдөгү кооптуулук
Эркинбек Казакбаев эки компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарына кирет. Анын UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынан тышкары "Тоо Суу" (электр энергия өндүрүү) компаниясында үлүшү бар.

Эльвира Аширалиева UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынан тышкары үч компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарын толуктайт.

Дюйшеналы Касенов менен Светлана Менг UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн гана катарына кирет.

Боршайкомдун сайтындагы маалымат боюнча төрт киши тең Кыргызстандын жарандары.

Маалымат үчүн:

UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 миллион доллардан кем эмес каражат сарптоону пландап жатат.

Кенди иштетүүгө жергиликтүү эл үчүн 200-220 жумуш орун түзүлүп, Кара-Балта тоо-кен комбинатында 500дөн ашуун киши эмгектенет. Бул программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө пландалган.

Компания чалгындоо иштерине жалпысынан 271 миллион сомдон ашык каражат сарптайт. Азыркы учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши жергиликтүү элден тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0