00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Туристтер менен кенге бай Ысык-Көлдүн акимдеринин эмне байлыгы бар. Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинПляжный сезон на Иссык-Куле
Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет Ысык-Көл облусундагы акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясына көз жүгүрттүк.

Кен байлыгы мол, туристтик аймагы менен атагы чыккан Ысык-Көл облусунда беш район бар. Документке ылайык, бул региондорду башкарган акимдердин айрымдары "Нива", УАЗ үлгүсүндөгү унааларды айдайт. Өзүнүн бир да турак жайы жок. Бирок мал жандыктарынын баасы миллион сомдон ашат.

Декларацияда акимдин өзүнө, жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылат.

Жакын туугандарына — аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Ак-Суу району

Улан Дөкөнбаев 2017-жылдын апрель айынан бери Ак-Суу районун башкарып келген. Былтыр региондорду өнүктүрүү жылына карата жетиштүү деңгээлде иштерди аткарбаганы үчүн ушул жылдын февралында кызматтан алынган.

Ал бир жылда 578 миң сом киреше тапкан. Үстүндө үйү, астында унаасы жок. Бирок декларациясына эмерек, телевизор, муздаткычы бар экенин көрсөткөн.

Жети-Өгүз району

Калысбек Жудеев 2014-жылы Жети-Өгүзгө аким болуп дайындалып, 2018-жылга чейин иштеген. Жылдык киреше булагы 934 миң сомду түзөт. "УАЗ Хантер" үлгүсүндөгү унаасы бар. Өзү да, жакын туугандары да турак жайга ээлик кылбайт. Деген менен тиричилик техникасы, эмеректери көп экенин байкоого болот. Кызыгы, жакын туугандары үйүнүн алдындагы огородунун аянтын жазып, бирок ошол турак жайдын өзү тууралуу ооз ачкан эмес.

Ысык-Көл району

Данир Иманалиев Ысык-Көл районун 2016-жылдын август айынан бери жетектейт. Анын жылдык кирешеси 258 миң сомду түзгөн. Бирок Иманалиевдин, тескерисинче, батири бар, бирок буюмдары жок. Жакын туугандары Volkswagen B5+ үлгүдөгү унаага ээлик кылат.

Түп району

Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп 2016-жылдын август айынан 2018-жылдын февралына чейин иштеген. Ал 2017-жылы болгону 180 миң сом киреше тапкан. Турак жайы жана айыл чарба багытындагы жери бар. Жакын туугандарынын эч кандай мал-мүлкү жок.

Тоң району

Таалайбек Ажиев Тоң районуна 2017-жылдын июль айында аким болуп дайындалган. Бирок былтыр алгылыктуу кадамдарды жасаган эмес деген кине менен ушул жылдын февраль айында жумуштан бошотулган.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилек Матраимов "алачыкта" жашайт экен. Оштогу акимдердин кандай байлыгы бар?
Ажиевдин жылдык кирешеси 479 миң сом болгон. Малдарынын баасы 1,6 миллион сомдон ашат. Айдаган унаасы — "Нива". Ал эми жакын туугандарынын эгин эгүүгө ылайыкталган жери, аянты 72 чарчы метр болгон турак жайы бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Ош облусунун акимдеринин да байлыгын карап чыкканда көбүнүн турак жайы, унаасы жок болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0