00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рафаэль Физиев: милиционер болуп иштебей калганыма кээде өкүнөм

© Sputnik / Александр Гальперин Рафаэль Физиев Санкт-Петербург шаарындагы маек учурунда.
 Рафаэль Физиев Санкт-Петербург шаарындагы маек учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бир нече сааттардан кийин Санкт-Петербург шаарында боло турган UFC Fight Night 149 турниринде Рафаэль Физиев рингге Кыргызстан жана Азербайжандын желеги менен чыгат.

Атаман деген каймана аты бар кыргызстандык Рафаэль Физиев дагестандык Магомед Мустафаев менен беттешмекчи. Кыргызстандык мушкер атаандашын күчтүү спортчу деп эсептеп, беттештин жыйынтыгына божомол айта албай турганын, бирок таймаштарына дайым жеңиш үчүн келерин белгиледи. Спортчу менен Sputnik агенттигинин кабарчысы Алексей Стефанов баарлашкан. 

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРафаэль Физиевдин апасы — орус кызы, ал эми атасы азербейжан. Өзүн азербайжанмын деп эсептеген мушкер Кыргызстанда чоңойгон.
Рафаэль Физиев: милиционер болуп иштебей калганыма кээде өкүнөм - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиевдин апасы — орус кызы, ал эми атасы азербейжан. Өзүн азербайжанмын деп эсептеген мушкер Кыргызстанда чоңойгон.

"Мустафаевдин беттештерин көрүп жатабыз, көбүнесе соккуларга басым жасайт. Ал эми Дагестандын мындай мушкерлери күрөштө да мыкты. Баарын беттеш көрсөтөт. Менин ММА боюнча карьерамдагы эң оор сыноо болмокчу", — деди Физиев Sputnik агенттигинин кабарчысына.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот
Белгилей кетсек, Рафаэль Казакстанда төрөлгөн, бирок мекени катары Кыргызстанды эсептейт. Анткени бүлө чек арада жашап, милиция кызматкери болгон атасы күнүгө Бишкекке каттап турчу. Мындан улам, 2005-жылы үй-бүлөнүн борбор калаага көчүп келишинде таң каларлык эч нерсе жок.

"Апам — орус кызы, атам — азербайжан. Мен азербайжан элинин каада-салты менен чоңойдум, өзүмдү азербайжанмын деп эсептейм. Рингге да ишемби күнү Кыргызстан менен Азербайжандын желеги алдында чыгам", — деп түшүндүрүп берди мушкер.

Физиев спорт менен профессионалдык түрдө Бишкекке көчүп келгенден кийин гана машыга баштаган. 

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүФизиев: алгач атам уюштурган мелдештерде бир туугандарым менен мушташып жүрдүм. Бирок бир да жолу уткан эмесмин.
Рафаэль Физиев: милиционер болуп иштебей калганыма кээде өкүнөм - Sputnik Кыргызстан
Физиев: алгач атам уюштурган мелдештерде бир туугандарым менен мушташып жүрдүм. Бирок бир да жолу уткан эмесмин.

"Казакстанда айылда жашап жүргөндө атам Бишкектен UFC турнирлери жазылган видеокассеталарды алып келчү. Эки-үч жолу көргөндөн кийин мен да мушкер болом деп чыктым. Кыялданып калдым. Анан атам уюштурган алгачкы беттештериме чыга баштадым. Ал тогуз бир тууган болчу, мени менен тең туугандарым көп эле. Анан атам бир көчө толтура тестиерлерди чогултуп алып, ким ким менен чыгарын айтып түшүндүрүп, биринчи жана экинчи орун үчүн акчалай сыйлык койчу. Мен мушташканды жакшы көрөр элем. Бирок бир да жолу атамдын акчасын көргөн жокмун, дайым жеңилип калчумун", — деп күлөт Рафаэль.

Мектепти бүткөндөн кийин ал атасынын жолу менен милиционер болууну чечет. 2015-жылы училищени аяктап чыккан лейтенант Физиев "Кыргызстанда милицияны урматташпай" турганын түшүнүп, органда иштөөдөн баш тартат. Бир топко чейин олку-солку болуп жүрүп, атасы менен кеңешкенден кийин Таиландга учуп кетет. Бирок ушу кезде да кыялындагы жумушту эңсеп, өзгөчө курсташтарынын айтып бергендеринен кийин көпкө чейин кыйналарын билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Дуэль взглядов на турнире UFC Fight Night 149 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Антонина "Пантера" Шевченко: Лас-Вегастан Ысык-Көл таап алганбыз...
"Мага тай боксу болгон муай-тай абдан жагат, андагы тизе, чыканак менен жасалган соккулар, көтөрүп чапкан учурлар мыкты. Спорттун бул түрүнө Таиланддан үйрөнүү абдан кызык эле. Мен кыялыма жеттим, керек болсо ашып да кеттим окшойт. Анткени акчадан кыйналганда абдан көп мушташтым. Бир жумада бир жолу рингге сөзсүз чыкчумун, мыкты деген турнирлерге катышып, шумдук делген спортчулар менен кездештим. Бирок мени мындан эмес, "Матрица" тасмасындагы Нео сымал буйтап кеткенимен кийин байкашты", — деп эскерди мушкер.

Белгилей кетсек, ал беттеш Таиланддын Пхитсанулок шаарында Toyota Marathon эл аралык турниринде болгон. Физиев укмуштуудай ийилчээктигин көрсөтүп, далысын жерге тийгизбестен атаандашынын соккусунан буйтап кеткен. Бул ирмем тартылып калган видео бир нече күн ичинде эле эки миллион жолу көрүлүп, кыргызстандык спортчу бир заматта атактуу болуп чыга келген. Ошол учурду эстеп жатып Рафаэль антип кокусунан эле буйтаганын, андан мурунку беттеште кабыргасы жабыркап, кыймылдаган сайын денеси катуу ооруксунганын айтып берди. 

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүФизиев: бир жумада бир жолу рингге сөзсүз чыкчумун, мыкты деген турнирлерге катышып, шумдук делген спортчулар менен кездештим. Бирок мени мындан эмес, "Матрица" тасмасындагы Нео сымал буйтап кеткенимен кийин байкашты.
Рафаэль Физиев: милиционер болуп иштебей калганыма кээде өкүнөм - Sputnik Кыргызстан
Физиев: бир жумада бир жолу рингге сөзсүз чыкчумун, мыкты деген турнирлерге катышып, шумдук делген спортчулар менен кездештим. Бирок мени мындан эмес, "Матрица" тасмасындагы Нео сымал буйтап кеткенимен кийин байкашты.

"Мен антип Кыргызстанда жүргөндө деле буйтачумун. Машыгууда да көп ийилип-чоюлчумун. Бирок беттеште бир да жолу андай кыла алган эмесмин. Анда таиланддык мушкер менен бет келгем, тизеси менен капталга тепти. Кемирчегим сынып кетиптир, андан кийин төрт айдай дарыланып жүрдүм. Бирок ал мушкерди нокдаунга кетиргем. Экинчи беттеште атаандашым улам эле тизеси менен капталга тебе берди, жөн эле бычактап жаткандай. Анан анын соккуларынан кача баштадым, үч жолу жерге өтө жакын келип буйтап кеттим. Таиланддыктар абдан таң калышкан. Анан эле ролик пайда болуп калды, баары сөз кыла башташты. Ошентип байкалып калдым окшойт", — деди Физиев.

Дал ошол беттештен кийин Phuket Top Team клубу Рафаэлди "ринг падышасы" атап, мушкер аралаш мушташтын жылдызына айланды. Ал эми Санкт-Петербургдагы беттешүү Физиев үчүн UFC алкагындагы алгачкы таймаш болуп калмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0