Димаштын жаңы ыры Кытайды кайра дүң кылды

© AFP / MARK RALSTONПевица Димаш Кудайберген
Певица Димаш Кудайберген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндүн ичинде эле чыгарма хитке айланып кеткен.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кытайдын QQ music платформасында алдыда келе жатат. Жаңылык менен артист өзү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнүн Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

"Бул ыр тууралуу кандай пикирдесиңер?" — деп ырчы угармандарына кайрылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

Lay Down аттуу композициянын (сокур намыстан арылууга чакырган ыр) бет ачары 10-апрелде өткөн. Эртеси эле чыгарма чарттын Most popular golden single record (эң популярдуу алтын сингл) наамын алган.

Димаш поразил участников творческого вечера Аллы Пугачевой — видео - Sputnik Кыргызстан
Димаш Алла Пугачеванын кечесине келгендерди таң калтырды. Видео
Димаш Кудайберген үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Нью-Йорктогу Madison Square Garden аренасында концерт коеру белгилүү болгон. Азырынча так күнү белгисиз болгону менен Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын айтымында, билеттин баасы кымбат. Белгилей кетсек, Madison Square Garden беш миңден 15 миңге чейинки көрүүчүнү батыра алат.

Димаш 29-июнь күнү Борбор калаанын күнүнө карата Нур-Султанда "Арнау" деп аталган майрамдык шоу тартуулайт. Ал эми 26-октябрда Игорь Крутойдун Нью-Йорктогу Barclays Center аренасында өтө турган мааракелик концертине конок катары чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0